Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Ирригация тармагына кошумча 2 млрд сом бөлүнөт

Кыска кабар | 5 Янв 2024 | 274 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун ирригациялык системасынын абалын жакшыртуу боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Анын алкагында Панфилов, Москва, Сокулук, Аламүдүн райондорундагы бир катар ирригациялык объектилердин абалын көрүп чыкты. №2 суу сактагычын толтуруу үчүн 6 скважинаны калыбына келтирүү ишин тез арада бүтүрүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, Ашмара суу сактагычын куруу үчүн учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатат.

Төрөбаев ирригация тармагын жакшыртууга мамлекеттик бюджеттен кошумча 2 млрд сомдон кем эмес каражат бөлүнөрүн айтты.

Кооперативдерге кошулуу тууралуу пикирин билдирип, бул жерлерди суу менен камсыздоону жакшыртууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

«Кооперативдерге кошулуу бирдиктүү система түзүүгө мүмкүндүк берип, айыл чарба продукциясын экспорттоого жол ачат. Дыйкандарыбыз кооперативдерге биригишсе, бул жерди суу менен камсыздоону жакшыртуунун ачкычы болот. Бардык райондордун акимдерине ирригация тармагына кирген объектилерди вегетация мезгилине чейин даярдоо тапшырмасы берилди», — деди Төрөбаев.

Бакыт Төрөбаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына 27-декабрда дайындалган. Ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматын кошо аркалайт.

Copyright © 2017 Maral FM