Биз менен байланышыңыз

Жапаров Ирандагы жардырууга байланыштуу өлкө президентине көңүл айтты

Кыска кабар | 4 Янв 2024 | 251 | 0

Президент Садыр Жапаров Ирандын президенти Эбрахим Раисиге Керман шаарында болгон жардырууга байланыштуу көңүл айтты.

Жапаров Кыргызстан терроризмди кескин айыптай турганын билдирди.

«Керман шаарында болгон террордук актынын кесепетинен күнөөсүз адамдар курман болду жана жабыр тартты деген суук кабарды чоң кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы боордош Иран элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм», — деп айтылат телеграммада.

Ирандын түштүгүндөгү Керман шаарындагы көрүстөндүн жанында болгон эки жардыруудан кеминде 103 киши набыт болуп, 170тен ашууну жарадар болгонун ирандык маалымат каражаттары кабарлашты.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генералы Касем Сулейманинин өлүмүнүн төрт жылдыгына арналган салтанат өтүп жаткан. Азем учурунда эки жардыруу болгон.

Ирандын ички иштер министри Ахмад Вахиди «Хабар» каналына берген маегинде биринчи жардыруу жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө, экинчиси саат 15:20 чамасында куткаруучулар окуя болгон жерге жеткенде болгонун айтты.

Кээ бир булактардын айтымында, жардыруу Сулейманинин мүрзөсүнө жакын жерде болгон, ал эми кээ бирлери ал Сахеб аз-Заман мечитинин жанынан өтүп бара жаткан кортеждин ортосунда болгонун айтышууда.

Иран бийлиги окуяны теракт деп атады.

Касем Сулеймани 2020-жылы АКШ тарабынан жасалган аба соккусунун натыйжасында Иранда каза болгон. «Аль Кудс» күчтөрүн башкарган Сулеймани Ирандын Жакынкы Чыгышка таасиринин жайылышында маанилүү роль ойногон.

Copyright © 2017 Maral FM