Биз менен байланышыңыз

5-январдын аба ырайы

Кыска кабар | 4 Янв 2024 | 574 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 5-январда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү температурасы 0…-2, күндүз +8…+10 градус болушу күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM