Биз менен байланышыңыз

Балбан Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде биринчиде

Кыска кабар , Спорт | 4 Янв 2024 | 569 | 0

Кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча балбан Айпери Медет кызы 82 миң 600 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингде биринчиде турат.

Бул тууралуу дүйнөлүк күрөш уюмунун 2023-жылдагы рейтингинде айтылат. Ал колумбиялык Татьяна Рентериядан 35 миңден ашык упайга озду.

Акыркы рейтинг Дүйнөлүк чемпионаттардагы, Континенталдык чемпионаттардагы, Азия жана Панамерикалык оюндардагы, ошондой эле төрт рейтингдик турнирдеги көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлдү.

Айпери Медет кызы 2023-жылы Азия оюндарында жана рейтингдик турнирде жеңишке жеткен. Ошондой эле Хорватияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда, Азия чемпионатында жана рейтингдик турнирде күмүш медалга ээ болгон. Египетте өткөн рейтингдик турнирде 3-орунга ээ болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM