Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Протездик-ортопедиялык буюмдардын сапаты жакшырды

Кыска кабар | 4 Янв 2024 | 196 | 0

2023-жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси 13 миңден ашуун жаранды протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздады.

Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Бүгүнкү күндө ортопедиялык бут кийимдердин сапаты жана моделдери жакшыртылганы, протездерди жасоодо заманбап технология менен жасалган пневматикалык тизелер, карбондук тамандар колдонулуп жатканы айтылды.

Протезисттер биринчи жолу электроникасыз иштеген, суудан коркпогон балдар үчүн заманбап активдүү «Киби» кол протездери жалпысынан 13 балага жасалып берилген, жалпы суммасы 1,8 млн сомду түздү. Дагы 13 балага Киби протездери жасалды.

Заманбап жана жеңил протез «Сколково» инновациялык борборунун резиденти болгон «Моторика» компаниясынын компоненттеринен жасалууда.

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин имаратында 1987 жылдан бери капиталдык ремонт жасалган эмес. «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун көмөгү менен ондоп түзөө иштери жүргүзүлүп, вентиляциялар оңдолуп, сырткы фасаддар жасалып жана өндүрүш цехтери оңдолууда.

Copyright © 2017 Maral FM