Кечээ, 30-декабрда Мамлекеттик салык кызматы уюштурган «Чек талап кылып, байге утуп ал» лотореясынын жыл жыйынтык оюну өттү.
Билеттерди ойнотуу 25-декабрда башталып, эң чоң байгелер: чет өлкөгө 4 жолдомо, 11 электромобиль, 10 батир 30-декабрга коюлган.
Натыйжада чет өлкөгө жолдомону төмөнкүлөр алышты:
- Айбек Шумкарбеков,
- Каныкей Байгазиева,
- Толкун Очокеева,
- Мукамбет кызы Гүлбадам.
Ал эми электромобилдер төмөнкүлөргө ыйгарылды:
- Азамат Бекенов,
- Нурсултан Акинаев,
- Фархад Халилов,
- Кадырбек уулу Адилбек,
- Уланбек Батыркулов,
- Бурулкан Орунбаева,
- Шарапат Жаналиева,
- Күлбүбү Исакбаева,
- Санжарбек Сайназаров,
- Назибек кызы Айгүл
- Төлөнбек Абдыров.
Көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жаткан Бишкектен 10 батирге төмөнкүлөр ээ болушту:
- Элбек Насыров,
- Асел Рыскулова,
- Илдар Кушаков,
- Нуркыз Урматбекова,
- Булбул Асилбекова,
- Салават Молдосанов,
- Эржигит Изабеков,
- Айгүл Мамбеталиева,
- Айдай Кумарова,
- Мисир Алиев.
«Салык чектин» бул жолку оюндарына 425 миңден ашуун адам 19 млн 118 миң 59 билет менен катышкан. Алар сканерден өткөргөн чектин жалпы суммасы 19 млрд 7 млн сом болгонун Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.