Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк күрөш уюму Акжол Махмудовду «2023-жылдын үстөм балбаны» атады

Кыска кабар , Спорт | 29 Дек 2023 | 1467 | 0

Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) Акжол Махмудовду «2023-жылдын үстөм (dominant) балбаны» атады.

Грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы Кыргызстандын балбаны Акжол Махмудов 2023-жылы Дүйнө биринчилигинде, Азия биринчилигинде, Азия оюндарында алтын медаль алган.

Турнирлерде 11 жолу беттешке чыгып, жалпы 59 упай алып, 11 упай алдырып жиберген.

Беттештеринин 55%ын мөөнөтүнөн мурда упай топтоп же далысын килемге басып утуп алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM