Connect with us

Туунун сүрөтүн ич кийимдерге, байпакка түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды

Кыска кабар | 29 Дек 2023 | 498 | 0

Мамлекеттик тууну, гербди жана гимнди маскаралагандарды мыйзам чегинде жоопко тартуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору 28-декабрда коомдук талкууга коюлду. Демилгечи Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев.

Долбоордун негиздемесинде соңку мезгилде мамлекеттик символдордун сүрөттөрү кийим-кечелерге, айрыкча ич кийимдерге жана байпактарга түшүрүлгөн учурлар бар экени айтылып, бул атрибуттардын баркын төмөндөтөрү белгиленет.

«Ошондой эле, мамлекеттик символдор жеке адамдардын жана уюмдардын визиткаларына, социалдык тармактардагы жеке аккаунттарына, коммерциялык сайттарга коюлуп жатат. Белгилеп коюучу нерсе, мамлекеттик символдор эгемендүүлүктүн эң маанилүү атрибуттарынан болуп саналат, ушуга байланыштуу мамлекеттик символдорду колдонууга мыйзамдык негизде чектөө киргизүү зарылдыгы келип чыгууда», — деп айтылат документтин маалымкат-негиздемесинде.

Министрлер кабинети мамлекеттик символдордун сүрөтүн кайсы жерлерге түшүрүүгө болбосун тизмелеп чыкты. Мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылды.

Жогорку Кеңеш 20-декабрда кабыл алып берген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга 22-декабрда Президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, мамлекеттик туудагы Күн нурунун толкун сымал формасы түздөлүп, чамгарак төрткө көбөйгөн.

Ошондой эле туунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрү жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин, ал эми унаалардын номердик белгилери жана транспорт каражатын каттоо күбөлүгү тиешелүү мамлекеттик органдар алмаштыруу чечимин кабыл алганга чейин колдонулат.

Copyright © 2017 Maral FM