Биз менен байланышыңыз

Өлкөгө келген инвестициянын көлөмү 654 млн доллардан ашты

Экономика | 28 Дек 2023 | 902 | 0

Кыргызстанга акыркы тогуз айда чет элдик түз инвестициянын келиши 654 млн доллардан ашты. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына караганда, өткөн жылдын жыйынтыгында өлкөгө эң көп инвестицияны Түркия, андан кийин Кытай жана Орусия салган. Ал эми быйылкы жылдын жыйынтыгында алдыңкы үчтүккө Кытай, Орусия жана Казакстан кирди.

Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын тогуз айында чет элдик түз инвестициянын келиши 654 млн 621,9 миң долларды түздү.

Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев өткөн жылдын жыйынтыгында Кыргызстанга эң көп инвестицияны Түркия салганын билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы негизинен тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай, соода, байланыш жана башка тармактарга туура келет.

«Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын тогуз айында чет элдик түз инвестициянын келиши 654 млн 621,9 миң долларды түздү. 2022-жылдын жыйынтыгында Кыргызстанга келип түшкөн тикелей чет элдик инвестиция агымынын лидери Түркия — 341,6 млн доллар, экинчи орунда Кытай – 326 млн доллар, андан соң 145,6 млн доллар менен Орусия болгон. Ал эми 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча алдыңкы үчтүктө 157,8 млн доллар менен Кытай, андан соң 131,7 млн доллар менен Орусия жана 54,9 млн доллар менен Казакстан кирди».

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директорунун орун басары Улан Данилбеков инвестициянын көлөмү 168 млрд сомдон ашып, 68 долбоордук портфелди түзгөнүн маалымдады.

Айта кетсек, 2021-2023-жылдар аралыгында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун протфели 32ден 68ге чейин көбөйгөн.

«2021-2023-жылдар аралыгында долбоордун портфели 32ден 68 МЖӨ долбооруна чейин көбөйтүлгөн, ал эми кол коюлган МЖӨ макулдашуулары 3төн 24кө көбөйүп, инвестициянын жалпы суммасы 300 миллион доллардан ашкан. Ошентип, 2023-жылдын башынан 2023-жылдын ноябрь айына чейин жеке инвестицияларды тартуу менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык (17 миллион доллар) болгон МЖӨ долбоорлору боюнча 6 келишимге кол коюлду жана ушул жылдын аягына чейин МЖӨ долбоорлору боюнча дагы 5 келишимге кол коюу планы түзүлдү. 2023-жылы жалпы суммасы: болжол менен 1,5 миллиард сом (13 миллион доллар). 2023-жылга карата МЖӨ долбоорлорунун алкагында тартылган жеке инвестициялардын жалпы көлөмү 30 миллион доллардан (2,7 миллиард сом) ашат».

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын директорунун орун басары Дуулат Сандыбаев акыркы 11 айда 1 млрд 434,4 млн сомдон ашык акчага 55 инвестициялык келишим түзүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын 1-ноябрына карата 336 субъект катталган, анын ичинен 64ү биргелешкен ишканалар, 168и 100% кыргыз капиталы, 104ү 100% чет элдик капитал.

«2023-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча ЭЭАнын аймагындагы субъекттер тарабынан капиталдык салымдарды кошкондо инвестициялардын алдын ала көлөмү 1 млрд 176,54 млн сомду түздү. 2023-жылдын 11 айында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине ЭЭАнын резиденттери тарабынан төлөнгөн төлөмдөрдүн жана чегерүүлөрдүн көлөмү 2 млрд 206,61 млн сомду түздү. 2023-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча ЭЭАнын аймагындагы жумуш орундарынын саны 2105 адамды түздү. Анын ичинен чет өлкөлүк жарандар – 267 адам (12%) жана 1838 адам (88%) – Кыргызстандын жарандары. Бардыгы болуп отчёттук мезгилде ЭЭАнын аймагында 61 субъект өндүрүштүк иш жүргүзгөн».

Улуттук инвестициялык агенттик жалпы суммасы 2 млрд 304 млн долларды түзгөн 12 долбоорду колдоого алууда.

Агенттик билдиргендей, бул долбоорлорго Чүй облусунда көп функционалдуу соода-логистикалык борбордун курулушу кирет, долбоордун суммасы 20 млн доллар. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көп функционалдуу комплекстин курулушу, долбоордун суммасы 300 млн доллар.

«Чайна Петрол Компани Жунда» ЖЧКсы мунай иштетүүчү заводун капиталдык оңдоо жана модернизациялоо долбоору, долбоордун суммасы 254 млн доллар.

«Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын нефтини кайра иштетүүчү заводунун иштеп жаткан технологиялык түзүлүштөрүн модернизациялоо жана реконструкциялоо долбоору, долбоордун суммасы 409 млн доллар жана башка долбоор.

Copyright © 2017 Maral FM