Биз менен байланышыңыз

Бишкекте №146 автобус каттамы иштей баштады

Кыска кабар | 28 Дек 2023 | 231 | 0

Бишкекте 29-декабрдан баштап №146 муниципалдык автобустун каттамы иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти билдирди.

Каттамга 25 автобус чыгат, кыймылдын аралыгы 8-10 мүнөт болот.

№146 муниципалдык автобустук каттам Аламүдүн жана Орто-Сай базарларын камтыйт.

Каттамдын баштапкы аялдамасы  «Бишкек автобекети» ишканасы (Алма-Ата – айланма жол көчөлөрүнүн кесилиши), акыркы аялдамасы – Чоң-Арык айылы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM