Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 120 күрөөкана үстөк пайыздарын төмөндөтөт

Кыска кабар | 28 Дек 2023 | 224 | 0
Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги 120 күрөөканада текшерүү жүргүзүлгөнүн кабарлады. Анын алкагында лицензиясы жок иштеген эки, салык мыйзамдарын одоно бузган эки, насыя алуучуларга карата алдамчылык аракеттердин белгилери байкалган үч күрөөкана аныкталды.

Ошондой эле 200%дан ашкан үстөк менен кыска мөөнөттүү кредиттерди берүү фактылары жана күрөөгө коюлган талаптарды бузуу аныкталды. Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечимдер кабыл алынат.

Атайын кызмат 120 ломбарддын жетекчиси жылдык пайыздык ченди 43%га чейин төмөндөтүүгө милдеттендирилгенин маалымдады.

29-декабрда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын сайтында бардык ломбард жетекчилеринин чогулушу пландаштырылууда, анда бизнес жүргүзүүнүн жаңы шарттары айтылат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусундагы коопсуздук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышында өлкөдөгү күрөөканаларды иликтөө тапшырмасын берген.

Copyright © 2017 Maral FM