Биз менен байланышыңыз

Бишкекте стоматологиялык клиникалар текшерилет

Кыска кабар | 28 Дек 2023 | 198 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү.

Министрликтин маалыматына караганда, 2024-жылдын 15-январынан баштап медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензиясы жок жеке клиникаларды, борборлорду жана стоматологиялык кабинеттерди аныктоо боюнча рейддик текшерүүлөрдү кайра баштоо сунушталды.

Ал эми жеке менчик бала бакчалар жана мектептердин санитардык-эпидемиологиялык ченемдери жана эмдөө карталарынын болушу текшерилет.

Ошондой эле коомдук тамактануу жайларында санитардык китептердин бар-жогу жана санитардык нормалардын сакталышы боюнча текшерүүлөр пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM