Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттин карызы 6 млрд доллардан ашты: Кандай чаралар көрүлүшү керек?

Экономика | 27 Дек 2023 | 2296 | 0

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2023-жылдын 31-октябрына карата 6 млрд 59 млн долларга жетти. Улуттук валюта менен эсептегенде 535 млрд 972,58 млн сом болду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматтарында айтылат.

Мунун ичинен тышкы карыз — 4 млрд 482,43 млн долларды, ички карыз — 1 млрд 518,16 млн долларды түздү.

Өлкөнүн мамлекеттик карызы бир айда 13,58 миллион долларга өскөн. Анын ичинен тышкы карыз 4 миллион 150 миң долларга азайган, ички карыз 17 миллион 720 миң долларга өскөн.

Октябрдын аягында мамлекеттик карыз ички дүң продукцияга карата 57,82 пайыз деп эсептелди.

Экономист Төлөнбек Абдыров бийлик ар кайсы булактардан карыз алып, бюджеттеги муктаждыкты жаап келе жатканын айтат.

Ошондой эле ал мамлекеттик карыз ички дүң продукцияга карата 57,82 пайызды түзгөнүн белгилеп, эми бийлик карыз албашы керектигин эскертет.

«Экономикабыз жакшы өнүкпөй эле бийлик аргасыздан ар кайсы булактардан карыз сурап келүүдө. Ал каражатка жолдорду, социалдык мекемелерди жана башкаларды салууга аракет кылып жатышат. Мамлекеттик карыз ички дүң продукцияга карата 57,82 пайызга чыкканы жакшы эмес, мыйзамда 60 пайызга чейин деп көрсөтүлгөн. Эгер андан өтүп кетсе, карыз албашыбыз керек. Бирок мамлекет аракет кылып жатат. Бул жылы 350 миллион сомдун тегерегинде тышкы карыздарды төлөп, «жашыл экономиканы өнүктүрөбүз, карызыбызды жоюп бергиле» деп, эл аралык финансылык институттарына бир топ сунуш киргизип жатышат. Мындан тышкары алынган карыздар кайсыл жакка жумшалып жатканына мониторинг жүргүзүү керек. Буга чейин бир канча мекемелерди курууга мамлекеттен канчалаган акчалар бөлүнгөн. Ишке ашпай калган долбоорлорго ким жооптуу? Бөлүнгөн каражаттар кайда? Ким жооп берет? Ошону аныктоо керек».

Жыл башында Германия Кыргызстандын 14,9 млн евро мамлекеттик карызын кечкен. Жаш адистер үчүн берилүүчү Бундестагдын эл аралык стипендиясына Кыргызстанды да кошуу демилгесин көтөргөн депутат Гуля Кожокулова 14,9 млн евро өлчөмүндөгү мамлекеттик карызды кечип, каражаттын ипотекалык насыялоо багытында жумшалышына шарт түзгөнү үчүн Германия тарапка ыраазычылык билдирген.

Экономист Искендер Шаршеевдин айтымында, бийлик мамлекеттик карызды жана кирешени башкара албай жатат.

Ал мамлекеттик карыз ички дүң продукцияга карата түзүлгөн 57,82 пайызды 10 пайызга түшүрүү керектигин белгиледи.

Муну менен катар ал мамлекеттик чыгымдарды азайтып, салыктан түшкөн акча менен карызды жабуу керектигин сунуштады.

«Негизи биздин өлкө мамлекеттик шарттарды чоңойтууну көздөйт. Анын ичинде мамлекеттик чыгымдар да көбөйө берет. Кирешелер аз. Ошондой эле кирешелер каралбайт. Бул маселе отуз жылдан бери чечилбей келе жатат. Мамлекеттик кызматкерлер карызды жана кирешелерди башкара албай жатат. Тескерисинче, карызды көбөйткөнгө эле күч жетип жатат. Карыз алгандан кийин үстөк пайыз эле жыл ичинде канча болуп кетет. Негизи мамлекеттик чыгымдарды азайтып, салыктардан келген каражат менен карызды төлөө керек. Карыздын көлөмүн ИДПга карата 10 пайызга чейин жеткирип, андан ары улантып кете берүү керек».

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкөнүн мамлекеттик тышкы жана ички карызын тейлөөгө бюджеттен 9 млрд сом бөлүнгөн. Тышкы карызга 6,1 млрд сом жана ички карызга 2,9 млрд сом кеткен.

Дагы бир экономист Эрлан Камалов мамлекет бүгүнкү күндө тышкы карыздын көлөмүн көбөйтпөй, ички карызга басым жасап жатканын билдирди.

Айтуусунда, өлкөнүн экономикасы учурда тышкы карызды төлөөнүн туу чокусуна келип жетти.

«Азыркы учурда мамлекет чынында басымды ички карыздарга жасап жатат. Тышкы карыздын көлөмүн көбөйтпөй, ички резервдерди колдонуп, элдин бош жаткан акчасына социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылууда. Ошондуктан кийинки учурда ички карыздын үлүшү кыйла көбөйдү. Эгерде экономика туруктуу өнүгүү жолуна түшө турган болсо, тышкы карыздын экономика үчүн чоң деле коркунучу жок».

Ноябрда президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, тышкы карыз төлөөгө мамлекеттин күчү толук жетерин белгилеген.

Өлкө башчынын айтымында, мурда тышкы карызды төлөө үчүн кайра эле тыштан карыз алынып, же гранттык каражаттар менен жабылып келген.

Жапаров билдиргендей, тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу келерки — 2024-жылга туура келүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM