Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура депутат Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук сурады

Кыска кабар | 27 Дек 2023 | 399 | 0

Башкы прокуратура депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сурады. Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев 27-декабрда кабарлады.

Төрага окуган маалыматка караганда, Эмил Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатат.

Маселе парламенттин 27-декабрдагы күн тартибине киргизилип, комиссия түзүлдү.

Эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков мындай мамиле ар бир депутаттын башына келиши мүмкүн экенин айтып, кесиптештерин өзүн сыйлоого чакырды.

«Динозавр келип бирден-бирден тиштеп алып кете берсе, депутаттардын кайсы аброю калат? Бир вице-премьер-министр келип канча жолу бетибизге түкүрүп кетти. Кийинки кезек сага келет, ушуну айтып коёюн» , — деди Кадырбеков.

Эмил Жамгырчиев жоюлуп кеткен Финансы полициясында жетекчинин орун басары болуп иштеген. Кийин 50 миң доллар пара алууга айыпталган. Ал мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого «Альянс» партиясынан катышкан.

Учурда Башкы прокурор Жогорку Кеңешке сунуштама жөнөтүп, ага ылайык, Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгүндө «мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» боюнча кылмыш жасаган деп шектелүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 2022-жылы ноябрда УКМК Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кайра кое бергенин айтып чыккан.

Сурабалдиеванын маалыматына караганда, депутаттар Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекети аркылуу тажияга бара жатышкан. Бекеттен өтүп жатканда Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон. Эмил Жамгырчиев ошол бекеттен кармалган.

УКМК Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, депутаттар чогулгандан кийин кое беришкен.

Депутаттык комиссиянын курамы:

Данияр Төлөнов («Мекенчил»);

Элдар Сулайманов («Ата Журт Кыргызстан»);

Бахридин Шабазов («Ишеним»);

Кубанычбек Самаков («Элдик»);

Алишер Эрбаев («Бүтүн Кыргызстан»);

Бакыт Тентишев («Ынтымак»);

Азамат Исираилов («Альянс»);

Султанбай Айжигитов («Ыйман Нуру»).

Copyright © 2017 Maral FM