Биз менен байланышыңыз

Парламент Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин талкуусуз колдоду

Кыска кабар | 27 Дек 2023 | 256 | 0

Жогорку Кеңеш 27-декабрдагы жыйынында Бакыт Төрөбаевди суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Депутаттар анын талапкерлигин талкуусуз колдоду. Буга чейин анын талапкерлигин эки тармактык комитет колдогон.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 25-декабрда айыл чарба министрлиги кайра түзүлүп, Бакыт Төрөбаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Айыл чарба министри кызматын 2021-жылдын 13-октябрынан бери аркалап келген Аскарбек Жаныбеков президенттин жарлыгы менен кызматтан алынды.

Copyright © 2017 Maral FM