Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд доллардан ашты

Кыска кабар | 26 Дек 2023 | 469 | 0

Кыргызтандын мамлекеттик карызы 2023-жылдын 31-октябрына карата 6 млрд 59 млн долларга жетти. Сом менен алганда 535 млрд 972,58 млн сом болот.

Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматтарында айтылат.

Анын ичинен тышкы карыз — 4 млрд 482,43 млн доллар, ички карыз — 1 млрд 518,16 млн долларды түзөт.

Өлкөнүн мамлекеттик карызы бир айда 13,58 миллион долларга өскөн. Анын ичинен тышкы карыз 4 миллион 150 миң долларга азайган, ички карыз 17 миллион 720 миң долларга өскөн.

Октябрдын аягында мамлекеттик карыз ички дүң продукцияга карата 57,82 пайызды түздү.

minfin-2023-zhyldyn_31-okt_karata_mam_karyz_struktura — копия

Copyright © 2017 Maral FM