Биз менен байланышыңыз

Азат Эркимбаев «Азиядагы жылдын мыкты машыктыруучусу» аталды

Кыска кабар , Спорт | 26 Дек 2023 | 591 | 0

Азия күрөш федерациясы грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын машыктыруучусу Азат Эркимбаевди «2023-жылдын мыкты машыктыруусу» деп тапты. Маалыматты Кыргыз күрөш федерациясы жарыялады.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбандары 2023-жылы эл аралык жана дүйнөлүк ири турнирлерде, чемпионаттарда жалпысынан 25 медаль: 12 алтын, 3 күмүш, 10 коло алышкан.

Булардын ичинен ири мелдештер болгон Азия биринчилигинде 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло медаль, Дүйнө биринчилигинде 2 алтын медаль, Азия оюндарында 2 алтын, 1 коло медаль жеңип келишкен.

Азия күрөш федерациясы мындан тышкары эркин күрөш боюнча Иран курама командасынын машыктыруучусу Пежман Доросткарды, кыз-келиндер күрөшү боюнча Япония курама командасынын машыктыруусу Ре Канехаманы да «2023-жылдын мыкты машыктыруучусу» атаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM