Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда быйыл 1,4 миң үй-бүлө мамлекеттик ипотека алды

Коом , Экономика | 22 Дек 2023 | 975 | 0

Кыргызстанда 2023-жылы мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 1 миң 400 үй-бүлө турак жайлуу болду.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Амантур Өмүров кыймылсыз мүлктү сатып алууга бөлүнгөн каржылоонун жалпы суммасы 3 млрд сомдон ашканын билдирди.

«Ипотекалык насыялардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн аймактарында ишке ашырылган немис банкынын программасынын алкагында берилген. МИК 2024-жылы Кыргызстандын бардык облустарында мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулары үчүн үйлөрдү кура баштайт. 2023-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 2,936 млрд сомго 1 366 насыя берилген. «Менин үйүм-2021-2026» турак жай программасынын алкагында 9, 158 млрд суммага 3 902 насыя берилген. Насыялардын орточо суммасы — 3 млн сом. Ал эми пайыздык ченем — 4%, 25 жылдык мөөнөткө чейин. Алардын ичинен «Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо» программасы боюнча аймактарда 1 млрд 350 млн сомго ипотекалык насыя берилип, 670 үй-бүлө турак жайлуу болушту».

Компаниянын маалыматына караганда быйылкы жылдын жыйынтыгында мекеменин баштапкы капиталы 2022-жылга салыштырмалуу 5,2 млрд сомго көбөйүп, бүгүнкү күндө 15,5 млрд сомду түзөт.

Компаниянын төрагасынын орун басары Амантур Өмүров келерки жылдын I жана II кварталында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын эсебине 100 млн доллар которуларын маалымдады.

Айтуусунда, каражатты «Кыргызстандагы турак жайды каржылоо» долбоору боюнча макулдашуунун алкагында Сауд өнүктүрүү фонду бөлгөн.

Мындан тышкары ал үй алууга электрондук кезекке тургандар көбөйүп жатканын кошумчалады.

«Мындан тышкары эмдиги жылы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн 79 млн доллар келип түшөт. Бүгүнкү күндө баштапкы капитал 15,5 млрд сомду түзүп, келечекте донордук каражаттарды тартуу менен дагы көбөйөт. Азыркы учурда МИКтин электрондук порталында кезектүүлүктүн электрондук системасы иштейт. Ал программанын катышуучуларына жеке кабинеттери аркылуу өздөрүнүн өтүнмөлөрүнүн статусун көзөмөлдөп, кезектүүлүгүн өз алдынча текшерүүгө мүмкүндүк берет. 2023-жылдын аягына карата МИКтин электрондук порталында 30 миңден ашык жаран турак жай программасынын катышуучусу болуп, 15 миңден ашыгы ипотека алуу үчүн кезекке турушкан».

Мекеменин директорунун орун басары Өмүров билдиргендей, 2024-жылдын III жана IV кварталына карата Бишкек жана Жалал-Абадда мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулары үчүн курулуп жаткан 3 миңге жакын батирди бүткөрүү пландалууда.

«Батир баалары базар баасынан төмөн болот. Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 7 миңден ашык батирлүү ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн жүрүшү кызуу жүрүүдө. Мындан сырткары Жалал-Абад шаарында 639 батирдин курулушу башталды. Курулуш аяктаган соң аталган батирлер турак жай программасынын катышуучуларына «Кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага алуу» механизми боюнча берилет. Келерки жылы Мамлекеттик ипотекалык компания ар бир аймакта курулуш иштерин баштайт. Аймактарда жалпысынан 2 миң батир курулат».

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, 2024-жылы ипотекалык каржылоонун жаңы механизмдерин иштеп чыгуу пландалууда.

Президенттин тапшырмасы менен «Менин үйүм-2021-2026» программасынын алкагында «Үлүштүк курулуш» жаңы турак жай каржылоо механизми ишке ашырылат.

Аталган механизм мигранттар үчүн иштелип чыкканы менен жарандардын бардык категориясы үчүн да жеткиликтүү болот.

2024-жылы өлкөнүн бардык аймагында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталат. Учурда жер бөлүштүрүү жана курулуштун долбоору иштелип чыгууда.

Copyright © 2017 Maral FM