Биз менен байланышыңыз

Бишкекте стоматологиялык клиникада 3 жашар кыз тиш дарылоо учурунда чарчап калды

Кыска кабар | 22 Дек 2023 | 560 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкекте 18-декабрда стоматологиялык клиникада 3 жашар кыз тиш дарылоо учурунда каза болду. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, окуя териштириле баштады.

Министрлик билдиргендей, стоматологиялык клиника убактылуу жабылды.

Ошондой эле, укук коргоо органдарынан кайрылуу келип түшкөндүгү, ага ылайык Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн компетенттүү тиешелүү адистер берилери айтылды.

Жактоочу Канат Хасанов окуя тууралуу фейсбуктагы баракчасында түз эфирде маалымат берген. Наристенин атасы аны тиш доктурга тиштерин тазалоо үчүн алып келген. Дарыгерлер ага «Севоран» дарысын жыттатып, тишин тазалайбыз дешкен, бирок ага ийне сайышкан жана кыз ошол бойдон ойгонбой калган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, жеке клиникаларды текшерүүдө одоно мыйзам бузуулар аныкталууда. Бул иш күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM