Биз менен байланышыңыз

«Торугарт 2» көзөмөл-өткөрүү пункту жаңыланды

Кыска кабар | 21 Дек 2023 | 296 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңыланган «Торугарт 2» көзөмөл-өткөрүү пунктун ачты.

«Торугарт-1» жана «Торугарт-2» көзөмөл-өткөрүү пункттары 1993-жылы курулган. «Торугарт-2» пункту 2010-2018-жылдар мезгилинде Кытайдын колдоосу менен салынган. Бүгүнкү күндө бул көзөмөл-өткөрүү пунктуна кириш өтө чукул, объекттер ыңгайсыз жайгашкан, машина токтотуучу жайлар дээрлик каралган эмес. «Торугарт 2» комплекси реконструкциялоого муктаж болчу.

Бүгүнкү күндө «Торугарт-2» комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты кыймыл тилкеси орнотулуп, жабык, жылууланган ангарлар орнотулуп, бир эле учурда алты транспорт каражатына карата бажы көзөмөлү жүргүзүлүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, өткөрүү пунктунун аймагын жакшыртуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн эски жана функционалдык эмес курулмаларды, имараттарды бузуу, кошумча токтотуучу жайларды орнотуу, транспорт каражаттарынын кыймылынын схемасын оптималдаштыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле чек арачылар үчүн жатакананы реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү.

Садыр Жапаров келерки жылдын жаз айларынан тарта жумуш убактысын 24/7 схемасы боюнча көбөйтүүнү сунуштады. Автоматташтырылган бажы тутумдарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү  тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM