Биз менен байланышыңыз

Туристтик объекттерди салгандарды 5 жылга салыктан бошотуу каралууда

Экономика | 20 Дек 2023 | 959 | 0

Кыргызстанда мейманкана жана туристтик объекттерди салгандарды 5 жылга салыктан бошотуу каралууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү өлкөнүн экономикасына 20%га чейин салым кошууга жөндөмдүү. Ошол эле учурда ал быйылкы туристтик агым Кыргызстанга суроо-талаптын чоң экенин көрсөткөнүн белгиледи. Мындан тышкары туристтик объектилерди салгандарды бажы төлөмдөрүнөн да бошотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда мейманкана жана туристтик объекттерди салгандарды 5 жылга салыктан бошотуу каралууда.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдиргендей, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү өлкөнүн экономикасына 20%га чейин салым кошууга жөндөмдүү.

«Быйылкы туристтик агым Кыргызстанга суроо-талаптын чоң экенин көрсөттү, ошондуктан муну эске алуу менен Кыргызстанда мейманкана жана туристтик объектилерди салгандарды 5 жылдык салыктан, андан тышкары, артыкчылыктуу мамлекеттик долбоор макамын берүү менен бажы төлөмдөрүнөн дагы бошотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул багытта 5 жылдыздуу мейманкаларды куруу боюнча долбоорлор бар, ошондой эле учурда Орусия жана Бириккен Араб эмираттарынан дагы инвесторлор тармакка кызыгуусун билдиришүүдө».

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, узак мөөнөттүү стратегиялык өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн Министрлер кабинети тарабынан 2021-2023-жылдары кризиске каршы чараларды кабыл алуу, башкарууну реформалоо, өнүгүү үчүн чөйрө түзүү, артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүү, «жашыл» экономиканы, социалдык өнүктүрүүнү, санариптештирүүнү, шаарларды модернизациялоону өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү былтыркы чектен ашуусу күтүлүүдө. Министр Амангелдиев 2023-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча сектордун өсүү темпи 1,8 пайызды, же 428,2 млрд сомду, ал эми 2022-жылы 435 млрд сомду түзгөнүн маалымдады.

Ошондой эле ал өнөр жай өндүрүшүнүн мындай көлөмү жана өсүү темпи төмөндөгүдөй бир катар факторлор менен шартталганын белгиледи.

Мындан тышкары министр тигүү, энергетика, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, курулуш материалдарын жана фармацевтикалык препараттарды өндүрүү сыяктуу тармактарда жаңы өнөр жай объектилери ачылып жатканын кошумчалады.

«Биринчиден, өнөр жай секторунда жүргүзүлгөн системалык реформалар. Өндүрүш секторуна жер бөлүү процесси жөнөкөйлөтүлүп, жергиликтүү бийлик өнөр жай зоналарын аныктоо укугуна ээ болду. Экинчиден, фискалдык колдоо салык тутуму аркылуу көрсөтүлүп, салык жана бажы жеңилдиктери өндүрүш секторундагы долбоорлорго түздөн-түз берилген. Үчүнчүдөн, ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор менен сүйлөшүүлөр күчөтүлдү, инвестициялык келишимдерди түзүү аркылуу административдик, финансылык жана кепилдик инструменттерин колдонуу менен өнөр жай сектору активдештирилди. Акыркы үч жылдын ичинде 60 өнөр жай ишканасы ишке киргизилген, алардын инвестициясы дээрлик 1 млрд долларды түзүп, 77 миңден ашуун жаңы жумуш орундары түзүлгөн».

Аталган министрликтин маалыматы ылайык, Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча 2023-жылдын январь – ноябрында ИДП 1 072,6 млрд сомду түздү, ал эми реалдуу өсүү темпи 104,4% ды түздү.

Мындан тышкары министр Амангелдиев Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду кийинки жылы Кыргызстандагы долбоорлорду каржылай баштарын билдирди.

Айтуусунда, 2023-жыл аралыгында долбоорлорду ишке ашыруу жана ишке киргизүүгө багытталган каражат Кыргызстандын Улуттук банкына которулуп жатты.

Муну менен катар министр өнүктүрүү фонддору аркылуу Кыргызстанга тартылган инвестициянын көлөмү 50%га өскөнүн белгиледи.

«Өткөн жылы Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фонду эле 60 млн доллар каржыласа, быйыл Финансы министрлигинин кепилдик институттарынын жана ири долбоорлордун аркасында инвестициянын көлөмү 150 млн доллардан ашты. Мындан тышкары, Өзбек-Кыргыз жана Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонддору активдешип, Бириккен Араб Эмираттары менен да фонд түзүлдү. Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге Азербайжан мамлекетинин президенти Ильхам Адиевдин 2022-жылы 11-12-октябрда мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келген учурда кол коюлган. Ал Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда экономикалык кызматташтыкка колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн. Анын баштапкы капиталы 25 млн долларды түзөт. Каржылоо азербайжан тараптан ишке ашырылат».

Экономика жана коммерция министрлиги 2024-жылы жана орто мөөнөттүү мезгилде инвестицияларды тартуу, товарлардын экспортун көбөйтүүгө багытталган ички өндүрүштү түзүү боюнча иштерди улантат.

Бишкек — Каракол, Бишкек — Ош автомагистралдары боюнча жана шаарлар аралык жолдорду бойлой, өзгөчө популярдуу туристтик маршруттар боюнча 100 электр кубаттоочу станциялары орнотулат.

Ошондой эле экспорттук потенциалды арттыруу үчүн Кыргызстандан ОрусиягаТүркияга, Иранга, ЕАЭБ ж.б. каттамдар иштелип чыгат. Өзбекстандын «Термез» эл аралык соода борборунда электрондук коммерция паркын жана соода павильонун түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Мындан тышкары бизнес чөйрөсүндө лицензияларды жана уруксаттарды электрондук форматта берүү киргизилет, лицензиялардын жана уруксаттардын жаңы түрлөрүнө мораторий иштелип чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM