Биз менен байланышыңыз

Туристтик объектилерди кургандар беш жылга салыктан бошотулушу мүмкүн

Кыска кабар | 20 Дек 2023 | 233 | 0

Кыргызстанда туристтик объектилерди, мейманканаларды курган ишкерлерди 5 жылга салыктан бошотуу каралууда. Бул тууралуу Экономика министри Данияр Амангелдиев 20-декабрда маалымат жыйында кабарлады.

Анын айтуусунда, аларга «артыкчылыктуу мамлекеттик долбоор» макамы берилип, бажы төлөмдөрүнөн да бошотуу аракети көрүлүүдө.

Туристтик объектилерди курууга Орусия жана Бириккен Араб Эмираттарынан инвесторлор кызыгуусун билдиришүүдө.

«Быйылкы туристтик агым Кыргызстанга суроо-талаптын чоң экенин көрсөттү, ошондуктан муну эске алуу менен мейманкана жана туристтик объектилерди салгандарды 5 жылдык салыктан, андан тышкары, артыкчылыктуу мамлекеттик долбоор макамын берүү менен бажы төлөмдөрүнөн дагы бошотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул багытта 5 жылдыздуу мейманкаларды куруу боюнча долбоорлор бар» , — деди министр.

Туризм департаментинин маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга 7 млн турист келсе, быйыл 10 млн эс алуучу келери болжолдонгон. Кыргызстанга туристтер негизинен КМШ, Араб өлкөлөрү, Европадан келет. Бүгүнкү күндө мамлекетке 67 өлкөнүн жарандары визасыз кире алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM