Биз менен байланышыңыз

Консолидацияланган бюджеттин көлөмү 570 млрд сомго жетери айтылды

Экономика | 19 Дек 2023 | 976 | 0

Жыл аягына чейин консолидацияланган бюджеттин көлөмү 570 млрд сомго жетери күтүлүүдө. Финансы министрлигинин маалыматына караганда жыл башында консолидацияланган бюджетти 503 млрд сомго жеткирүү пландалган. Министр Алмаз Бакетаев салык жана салыктык эмес төлөмдөр толугу менен аткарылып жаткандыгын билдирди. Мындан тышкары ал мамлекеттик карызга токтолуп, аны жабууга мамлекеттин толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгиледи. Ал эми 2024-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө канча сом бөлүнөт? 

2023-жылдын аягына чейин өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин көлөмү 570 млрд сомго жетери күтүлүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, жылдын башында консолидацияланган бюджет 503 млрд сом деп пландаштырылган.

«Жылдын аякташына эки жумадай убакыт калды. Ал аралыкта биз аталган көрсөткүчтү 570 млрд сомго жетиребиз деп турабыз. Бул планды ишке ашырабыз. Салык жана салыктык эмес төлөмдөр толугу менен аткарылып жатат. Мамлекеттик бажы кызматы быйыл планды ашыгы менен аткарды. Жыл башында 94 млрд сом деп пландалса, жыл аягына чейин 107 млрд сом болду. 2023-жылдын башында бюджеттин тартыштыгы 21 млрд сом деп пландаштырылган. Бүгүнкү күндө аны 9 млрд сомго түшүрдүк. Бул жакшы көрсөткүч».

Министр Бакетаев билдиргендей, келерки жылы республикалык бюджеттин профицити 10,9 млрд сом деңгээлинде болору пландалууда.

«Келерки жылы бюджет профицит менен аткарылат. Бюджеттин алгачкы долбоорунда 19,6 млрд сомго жакын профицит каралган. Андан соң, парламенттеги талкууда министрликтердин кошумча чыгымдары боюнча айтылып, муну эске алуу менен профицит көрсөткүчү 10,9 млрд сомго өзгөрдү. 14-декабрда Жогорку Кеңеш 2024-жылга республикалык бюджеттин долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырган. Келерки жылы киреше 378,4 млрд сом болуп, чыгаша 367,5 млрд сомго жетет. Республикалык бюджеттин профицити 10,9 млрд сомду түзөт. Документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн».

Мындан тышкары Каржы министри Алмаз Бакетаев 2024-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 66 млрд сом жумшоо пландалып жатканын маалымдады.

2023-жылы карызды төлөөгө 53 млрд сом каралып, өз убагында төлөнүүдө.

«Учурда биз төлөмдөрдүн эң жогорку стадиясындабыз жана бул этаптан ишенимдүү өтүү үчүн бюджет саясатын профицитти түзүү менен болжолдоп жатабыз, бул бизге карызды кошумча каражат тартпастан төлөөгө негиз берет. Мамлекеттик карыз азыр ИДПга карата 57,82 % ды түзөт, бул биздин мамлекеттик карызыбызды туруктуу деп мүнөздөйт. “Бул жерде баса белгилеп кетүү зарыл, мамлекеттик карыз боюнча азыркы маал мамлекет тарабынан мурда алынган карыздарды кайтаруу мезгилине туура келгендигине байланыштуу учурда жалпысынан 49,1 млрд сом карызыбыздан кутулдук».

Мындан тышкары 2024-жылы Кыргызстандын энергетика тармагына 55 млрд сом бөлүү пландалууда.

Министр Алмаз Бакетаевдын айтымында, алдыдагы эки жылда бул тармак өз убагында каржылоонун аркасында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун акталышынын эсебинен карызын азайта алат.

«Бугүнкү күндө энергетика тармагынын бюджетке карызы дээрлик 146 млрд сомду түзөт. 2023-жылы капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 26 млрд сомдон ашыгыраак болгонун белгиледи. Кийинки жылы бул көрсөткүч сакталат. Биринчи этапта биз бюджеттен 8 млрд сом караганбыз. Бирок, бүгүнкү күндө Финансы министрлигинде бул көлөмдү көбөйтүүгө мүмкүндүк бар. Бул каражаттар ошондой эле ирригациялык тармактарды каржылоого, суткалык жана он күндүк жөнгө салуу бассейндерин курууга, ар кандай тармактар ​​үчүн жабдууларды сатып алууга, ошондой эле банктарды жана бизнес түзүмдөрдү капиталдаштырууга жумшалат».

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл республикалык бюджеттен мамлекттик жөлөкпулдарга 17,9 млрд сом бөлүндү.

Ирригация объектилерди оңдоого жана техникаларды сатып алууга  2,2 млрд сом бөлүндү.

Муну менен катар жол тармагына (капиталдык салымдарды эске алганда) 19,2 млрд сом каралды.

Мындан тышкары жергиликтүү бюджеттерге бөлүнгөн каражатардын көлөмү 2022-жылы 10 161,1 млн сом бөлүнгөн болсо, 2023-жылдын 11 айында 17,4 млрд сомду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM