Connect with us

Күрөөканалардан акча алып, пайызын төлөй албагандардын саны өсүүдө

Коом , Экономика | 16 Дек 2023 | 1277 | 0

Кыргызстандагы күрөөканалардын ишин жөнгө салган мыйзам долбоору сунушталды. Ага ылайык, күрөөканалар күнүмдүк жана жылдык пайыздык үстөгүн ачык көрсөтөт. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүнкү күндө жылдык үстөк пайызы 200 пайыз экенин далилдеген фактылар бардыгын айтты. Депутат Нуржигит Кадырбеков өзүнө кайрылган жарандардын бири күрөөканадан 70 миң сом алып, кайра 1 млн 200 миң сом кайтарууга аргасыз болуп жатканын мисал келтирип, элди алданбоого чакырды. Күрөөканалардын иши кандай жөнгө салынат? 

Адинай Тойгонбаева 5 ай мурун Бишкек шаарындагы күрөөканалардын бирине ноутбугун коюп, акча алган. Ал алган акчаны толук төлөй албагандыктан, ай сайын пайызын төлөп келет. Айтуусунда, пайызды убагын төлөбөсө, келишим боюнча ноутбук сатылат.

«Мен беш ай мурун күрөөканага ноутбугумду койгом. 16 миң сом алгам. Негизи күрөөкана бир айга берет. Ал акчаны бир айда таппай калып, шартыма байланыштуу төлөй албайтам. Бирок 900 сом берип кийинки айга улантып койсо болот. 5 айдан бери улантып жүрөм. Эгер пайыз төлөп, узартпасам, ноутбук сатылып кетет. Ноутбугум өзүмө керек. Бирок буга чейин алтын цепочкамды да коюп, акча алгам. Аны чыгара албай калып, сатылып кетти».

Буга байланыштуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өлкөдөгү күрөөканалардын ишин жөнгө салган мыйзам долбоору сунушталып жатканын билдирди.

Министр бүгүнкү күндө жылдык үстөк пайызы 200 пайызга чыгып кеткен учурлар бар экенин айтты.

«Күрөөканалар пайыздык ставкалары канча экенин да ачык айтышпайт. Ал эми жарандар банктык процедуралардан качып, кыска убакытта акча алып туруу үчүн күрөөканаларга кайрылат. Ошондой эле жарандар келишим менен толук таанышпайт. Эми жаңы мыйзам менен күрөөканалардын пайыздык үстөгүнө чектөө киргизилет. Кардар пайыздар тууралуу так билип турушу керек».

Ал эми экономист Искендер Шаршеев күрөөканалардын да жумушу оңой эместигин айтат.

Анын маалыматында күрөөканалар казинолорго уруксат берилгенден кийин көбөйө баштаган. Кумар оюндарын ойногондор барып, убактылуу акча алып турушкан.

Күрөөканаларга лицензия берүүдө каржы маселелери боюнча жооптуу мамлекеттик органдар алардын пайыздык үстөгүн белгилеп бериши керек.

«Ломбарддын жумушу оңой эмес. Жаран бир товарды коюп акча алгандан кийин, анын эсебин чыгаруу үчүн көптөгөн процедура бар. Ал үчүн жарым жылдан ашык убакыт кетет. Соттордун чечими, тиешелүү укук коргоо органдарынын чечими керек болот. Ага чейин чыгарбайт. Күрөөканалар качан пайда болгон? Казинолорго уруксат берилгенден баштап пайда боло баштаган. Себеби жарандар казино ойнордон мурун кайсы бир мүлкүн ломбардка коюп, акча алып барышчу. Эртеси чыгарып алам деген ой менен барышат. Андан кийин мыйзам чегинде катуу жөнгө салынган болчу. Ломбард бул финансылык уюм. Булар мамлекеттик финансылык түзүмдөргө баш иет. Экинчиден, Улуттук банк сыяктуу финасылык аракеттерди жөнгө салган мекемелердин астында. Ушул мекемелер чечим чыгарып, өзгөртө алышат».

Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков тарабынан көтөрүлгөн. Эл өкүлү өзүнө кайрылган жарандардын бири күрөөканадан 70 миң сом алып, кайра 1 млн 200 миң сом кайтарууга аргасыз болуп жатканын мисал келтирип, элди алданбоого чакырды.

«Ломбард деген банк сыяктуу, бирок азыраак документтер менен батыраак акча аласың деген сөз. Өтө чоң суммада эмес. Экинчи күнү адамдарды кабыл алдым. Таластан бирөө келди. Болгону 70 миң сом алгам дейт. Эми үйүмдү алып жатат дейт. Кутулам десең 1 млн 200 миң сом төлөп бер деп жатышыптыр. Мунун сыры эмнеде? Муну ломбард дебей эле, шылуун, кан ичкич деп эле коюш керек. Ломбард деген аталышын эч ким түшүнбөйт. Угулушу жакшы эле экен деп эл барып жатат. 70 миң алып, 1 млн 200 миң сомду берген бул эмне?».

Күрөөканалардан өлкө бюджетине быйыл 11 айда 70 млн сом салык түшкөн. Былтыр 25 млн, андан мурунку жылы 38 млн сом түшкөн.

«Ломбард иши чөйрөсүндөгү» мыйзам долбоорунун сунушталган вариантына ылайык, күрөөкананын пайыздык үстөгүнүн жылдык өлчөмү Улуттук банк тарабынан аныкталган орточо салмакта алынган номиналдык пайыздык коюмдун негизинде эсептелип чыгып, ага 30 пайыз кошулат.

Бирок күрөөканалар иш жүзүндө зайымдарды 1-2 жумага, орточо эсепте күнүнө 0,3% менен (0,1 ден тарта 0,7%га чейинки чектерде күнүнө) берет. Муну жылына эсептегенде жылдык 108%ды түзөт. Ошондуктан сунушталган мыйзам долбоору зайымдын наркын жылдык 108 %дан 47,23 %га чейин же 2 эсе төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Copyright © 2017 Maral FM