Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы: Кармалган кызматкерлер мурда иштеп кеткен

Коом , Экономика | 15 Дек 2023 | 952 | 0

Бүгүн, 14-декабрда Салык кызматы 11 айдын отчету боюнча журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Анда салык быйылкы жылы күтүлгөндөн көп жыйылганын айтты. Ошондой эле салык кызматкерлеринин кармалуусу, базарлардагы соодагерлер нааразы болуп чыккан ККМ, ЭСФ, ЭТТ боюнча маалымат айтылды. Аны менен катар товарлардын бааларына салыктын тийгизген таасири тууралуу сөз болду.  

Салык кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылы салык төлөмдөрү 11 айда 225 млрд 744 млн сомдон ашык чогулду. Бул көрчөткүч болжолдонгон суммадан 3,5 млрд сомго көп. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 млдр сомго көп аткарылган.

2024-жылдын январь айынан тартып жаңы салыктын системасы кирмек. Бирок базарлардагы нааразычылык акцияларынан улам, жаңы эреже 6 айга артка жылдырылды. 5-декабрда президент Садыр Жапаров “Дордой” базарында ишкерлер менен жолугуп, алардын талаптарын, нааразчылыгын уккан. Ошол эле күнү Жапаров салыктын жаңы түрү 2024-жылдын июль айына чейин азыр кандай болсо, ошол режимде иш уланаарын, ККМге Салык кызматы өзү даяр эместигин айткан.

Президенттин мындай билдирүүсүнө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов салык кызматынын айрым кызматерлеринин айынан нааразычылык күчөгөнүн жүйө келтирди.

«Жакында президент Садыр Жапаров «Дордой» базарына барып нааразчылык акциясына чыккан ишкерлер менен жолукту. Ошол жерде салыкчылардан ката кетип жатканы тууралуу айтылды. Албетте, кээ бир жерлерде Салык кызматынын кызматкрлери тарабынан туура эмес иштер аткарылды. Биз бүгүнкү күндө кемсиликтерди оңдоо, түзөө иштерин жүргузүп жатабыз. Азыркы усурда патент системасы менен бир гана базардагы соодагерлерге июлга чейин мөөнөт берилди. Бирок калган соода жайларында ККМ кадимкидей эле иштей берет».

Базарлардагы нааразычылык акциялардан кийин Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан Салык кызматынын 6 кызматкери өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, базардын соодагерлеринен мыйзамсыз акча чогултуп, аны менен ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп жүргөн деген негизде кармалган. Алардын бешөө “Дордой” базарында, бирөө “Орто-Сай” базарынын салыкчылары кармалган.

Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун айтымында,  кармалган кызматкерлер салык кызматында 2022-жылдары иштеген, алар 2023-жылы салык кызматында иштеген эмес. Азыркы учурда “Дордойдо” эч бир салык кызматкери жок.

«Азыркы учурда алты салыкчы кызматкери кармалды. УКМК тараптан кармалган салыкчылар буга чейин Салык кызматында иштеп кеткендер. Алар 2023-жылы бизде иштеген жок, 2022-жылдары иштешкен. Ошол учурда туура эмес иштерди аткарганы үчүн УКМК тарабынан кармалды. Бүгүнкү күндө «Дордой» базарында бир да салыкчы жок». 

Базарлардагы нааразылык акцияларында ишкерлер менен маектешкенибизде алар бизге жаңы салык системасын түшүндүрүү үчүн келген салык кызматкерлери өздөрү жакшы билбегенин, ишкерлердин суроолоруна канаатандырарлык жооп бере алышпай жатканын айтышкан. Салык кызматынан кызматкерлер кандай тартипте даярдалып, алардын маалымат жеткиликтүүлүгүн кантип текшерип жаткандыгы тууралуу суроо узатылды.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов мындай жооп берди.

«Салык кызматынын кызматкерлерин түшүндүрүү иштерине чыгаруудан мурда  сөзсүз түрдө окуудан өтөт. Бишкекке жакын райондор бул жака келип, ал эми алыскы райондогулар видео конференция аркылуу жума сайын жолугуп, түшүндүрүү иштери боюнча окутуулар жүргүзүлөт. Андан сырткары салык боюнча маалыматтар камтылган карточкаларды дүкөндөгө таратып бергенбиз. Ошондой эле атайын группалар бар, ал жакта ишкерлер, жетекчилер бар. Ал жерде да ар кандай суроолорго, маселелерге жооп берип, маалыматтар менен бөлүшүп турабыз».

Атайын кызматтын башчысы өлкөдөгү ири базарлардын ээлеринин атын атап, базарларда ижара акысы кыбаттыгын, бирок эч кандай шарт жоктугун айткан. Ал базарларды атап, ижара акысы үч эсеге чейин түшүрүү керектигин айткан.

Андай кийин “Дордой” базарынын ээси Аскар Салымбеков ал ээлик кылган базарда ижара акысы төмөндөгөнүн билдирген. ал эми соодагерлердин кээ бири ижара арзандаганы товарлардын баасына таасирин тийгизээрин айтышса, айрымдары таасир жок экенин айтышууда.

Ал эми ишкерлер азырынча ижаранын арзандаганы сезилбей жатканын билдиришкен. Салык кызматынын төрагасы УКМК бул жаатта иш алып барып жатканын, эми айдан тарта ижара акысы арзандаганын байкалаарын айтты.

Ишкерлер салык төлөөдөн качпай турганын айтып келишет, бирок акыркы салыктын түрү өзгөчө түйшүк жаратаарын айтышкан.

Салык кызматы өлкөгө ККМди киргизүү 1994-жыл башталганын билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM