Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда кышкы туристтик мезгил расмий ачылды

Коом , Экономика | 15 Дек 2023 | 482 | 0

Бишкекте кышкы туристтик мезгил расмий ачылды. Иш-чара коньки тебүү, хоккей, муз үстүндө акробатика чеберчилигин көрсөтүү, белгилүү ырчылар жана бийчилердин катышуусундагы концерттик программа менен коштолду. Ошондой эле катышуучулар арасында байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар кызыктуу конкурстар уюштурулду. Андан тышкары, шаардыктарга бул күнү муз тебүү үчүн «Бишкек Арена» тарабынан 50% арзандатуу болду. Кыргызстанда кышкы туризм кандай өнүгүп жатат? 

Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр көп экени айтылып келет. Бирок туристтик жайларга бара турган жолдун абалы, тейлөө шарттары жакшыра элек.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаев кышкы туризмди жайылтуу максатында бир топ иштер аткарылып жатканын айтты.

Кышында эс ала турган жайларды калыбына келтирүү, коноктор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.

«Кышкы туризм боюнча дүйнөдө чоң мүмкүнчүлүктөр болуп жатат. Өлкөнүн кышкы туризмин жайылтуу багытында бир эле тур операторлор, туризм департаменти эле иш алып барбастан, мамлекеттик деңгээлде иштер жүрүүдө. Президент Садыр Жапаров да кышкы туризм канчалык баалуу, барктуу экенин даңазалап, айтып келет. Бүгүнкү күндө лыжа базаларын курууда, эски базаларды калыбына келтирүү, оңдоп түзөөдөн өткөрүү максатында чоң иштер аткарылып жатат. Мамлекеттик деңгээлде жүрүп жатат. Бул өзүнүн жемишин берет деген ишеничтебиз».

Өткөн жылы Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кышкы туризм боюнча алдыңкы үчтүккө кирген. ТурСтат маалыматтык системасы КМШнын кышкы туризм жана эс алуу боюнча туристтер арасында эң популярдуу жана жагымдуу өлкөлөрүнүн рейтингин сунуштаган.

ТурСтаттын маалыматына ылайык, туристтер арасында кышкы эс алуу боюнча КМШнын алдыңкы беш өлкөсүнө Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, ошондой эле Өзбекстан жана Армения кирген.

Кыргызстанда кышында туристтерди борбор калаа Бишкек жана Каракол лыжа базасы, ошондой эле Ысык-Көл кызыктырат.

Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова өлкөдө жалпысынан 23 тоо лыжа базасы бар экенин, бүгүнкү күндө анын 17си иштеп жатканын айтты.

«Негизги бөлүгү Чүй облусунда, Ысык-Көлдө жана Ош облусунда да тоо лыжа базалары бар. Бүгүн кышкы туристтик мезгилди расмий ачтык. Ал эми Кара-Кол лыжа базасы буга чейин ачылган. Мындан сырткары өлкөнүн булуң бурчунда ушундай жылгаяк тебүүчү муз аянтчалары бар. 2023-2024-жылдагы кышкы туристтик мезгилди активдүү өткөрөбүз деп пландап жатабыз».

Туризм департаментинин маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга 7 млн турист келсе, быйыл 10 млн эс алуучу келери болжолдонгон. Кыргызстанга туристтер негизинен КМШ, Араб өлкөлөрү, Европадан келет. Бүгүнкү күндө мамлекетке 67 өлкөнүн жарандары визасыз кире алышат.

Президент Садыр Жапаров буга чейин кыргызстандыктарды өлкөгө келе турган туристтерге меймандос болуп, ар бир чет элдик жаранга бийик маданиятты тартуулоого чакырган.

Департаменттин башкы адиси Дастан Дайырбеков чет жактан келген туристтерди эле эмес, ички туризмди да өнүктүрүүгө көңүл бурулуп жатканын айтты.

 «Биз атайын ырым кылып, ушундай старт беребиз. Себеби бул чет элден келген туристтерге, биздин элибизге Кыргызстанда кышкы туристтик мезгил ачылып жатканынан кабар берүү үчүн уюштурулууда. Мындан сырткары иш чара өлкөдөгү тоо лыжа базалары жана муз аянтчалары да активдүү иштеп башташына өбөлгө түзөт. Биздин максат бир гана чет жактан келген эс алуучуларды тосуп, аларга жакшы мамиле кылуу эмес, муну менен катар ички туристтерди да сапаттуу тейлеп, аларга да шарт түзүү болуп саналат».

Декабрдын башында Ысык-Көлдө «Каркыра» тоо-эс алуу комплексинин курула баштаган. Анын курулушуна капсула салган президент Садыр Жапаров «Каркыра» тоо-эс алуу комплексин куруу мамлекет үчүн маанилүү долбоор экенин, аймактагы туризмди жана экономиканы өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү экенин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM