15-декабрда караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6,
Талас облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -13…-15, күндүз -1…-3 градус суук болот.