Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева үй-бүлөдө үчүнчү балага жөлөк пул берүүнү сунуштоодо. Ал парламенттин 14-декабрдагы жыйынында демилгелеп жаткан мыйзам долбоору боюнча маалымат берди.
Өзү сунуштаган «Алтын бала» программасы төрөлгөн 3-балага артыкчылык берүү жана андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөрдүн балдарын камкордукка алуу саясатын жүргүзүүгө көңүл бурууга багытталган.
«Калктын туруктуу табигый өсүшүн камсыз кылуу үчүн 2025-жылдын 1-январынан тарта үч балалуу үй-бүлөлөрдү жана ар бир кийинки баланын төрөлүшүн колдоого багытталган “Алтын бала” программасын киргизүүнү сунуштайм. Ошондой эле, универсалдык жөлөкпулду киргизүү зарыл деп эсептейм. Анын негизинде эки гана критерий болушу керек: балдардын жашы жана үй-бүлөдөгү балдардын саны. Ал эми биринчи кадам катары 3 жашка чейинки балдарга категориялык жеңилдиктерди киргизүүбүз зарыл. Ошентип, «Универсалдуу пайдага» этап-этабы менен өтүүнү сунуштайм» , — деди Камила Талиева.
Мындан тышкары, 2025-жылдан тарта чек арага жакын аймактардын калкынын туруктуу жашоосу үчүн өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын бардык тургундарына жана балдары бар жарандарга жөлөкпул төлөөнү сунуштады.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда төрөттүн көрсөткүчү акыркы төрт жылда төмөндөп кеткен.