Биз менен байланышыңыз

Кышында трансформаторлорго ашыкча жүк болсо электр жарыгы өчүрүлөт

Коом | 8 Дек 2023 | 405 | 0

Өлкөдө кышында трансформаторлорго ашыкча жүк болсо электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн электр энергиясын жылдык керектөөсү 17 млрд 400 млн кВт/саатка чыгат. Анын ичинен 14 млрд кВт/саат электр энергиясы Кыргызстандын өзүндө өндүрүлөт. Ал эми калганы коңшу өлкөлөрдөн импорттолот. Кыргызстанга электр энергиясы Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиядан импорттолот. 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 90%ы гидро-электр станцияларынан иштелип чыгарын билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылга 12,1 млрд кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуу пландаштырылууда.

«Анын 11,9 млрд кВт/сааты 1-ноябрга чейин өндүрүлүп чыкты. Буга кошумча 1,9 млрд кВт/саат Жылуулук электр борборунан өндүрүлөт. 2023-2024-жылга карата ЖЭБге 650 миң тонна көмүр ташып келүү пландаштырылган. Казакстандын “Гефес” компаниясы менен 550 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча келишим түзгөнбүз. Бүгүнкү күнгө карата көмүр графикке ылайык ташылып келүүдө, кечигүүлөр жок. Мындан тышкары ата мекендик Кара-Кече көмүр кенинен жана Таш-Көмүр кенинен 50 тонна көмүр ташып келүү каралган».

Министр Бишкек жана Ош Жылуулук электр борборлорунун күз-кыш мезгилиндеги газ керектөөсү 74,1 млн кубду түзөрүн белгиледи.

Айтуусунда, бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча 390 миң абонент газга кошулган. Газ жеткирүү боюнча «Газпром» компаниясы менен тиешелүү келишимдер түзүлгөн.

«2023-жылдын 10 айында жаратылыш газын пайдалануу 291 млн 900 кубдан (2022-жылга салыштырмалуу) 26 млн кубка көбөйгөн. Ошентип, 53 жаңы конуш газдаштырылып, ал 53 миң турак жайды камтыган жана 1 250 газ түтүктөрү курулуп, жаңы объектилерде газды пайдалануу 2,2 млн кубдан 25 млн кубга өскөн. 2023-жылы 11 конушту газдаштырылды, анын ичинде Ала-Арча, Ак-Тилек, Ак-Тилек-2, Ак-Тилек-Турбаза, Бакай-Ата, Төкөлдөш, Жогорку-Көк-Жар, Папеновка, Товарная, Новопавловка жана Селекция конуштары бар. Бүгүнкү күндө газ үзгүлтүксүз жеткирилип жатат. Ошондой эле мазут керектөө 28 тоннаны түзөт. Ал запасыбыз бар».

Министр Ибраев Кыргызстандын электр энергиясын жылдык керектөөсү 17 млрд 400 млн кВт/саатка чыгарын маалымдады.

Анын ичинен 14 млрд кВт/саат электр энергиясы Кыргызстандын өзүндө өндүрүлсө, калган 3,5 млрд кВт/с чейин электр электр энергиясы коңшу өлкөлөрдөн импорттолот. Анын ичинен бүгүнкү күндө 3,150 млрд кВт/сааты импорттолду.

«Жетпеген электр энергиясы төмөнкү өлкөлөрдөн импорттолот. Казакстандан — 981 млн кВт/саатка келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө — 981 млн кВт/саат импорттолду (жайкы мезгилде товар алмашуу менен 54 млн кВт/саат берилген. Түркмөнстандан — 1 млрд 600 млн кВт/саатка келишим түзүлгөн, бүгункү күндө — 1 млрд 590 млн кВт/саат алынды (келишимде дагы бир пункта импортту 30%га чейин көбөйтүү каралган, башкача айтканда 2 млрд кВт/саат алууга мүмкүнчүлүк бар. Өзбекстандан — 146 млн кВт/саат электр энергиясы алынды, мунун 82 млн кВт/сааты товар алмашуу менен берилген. Орусиядан — 272 млн кВт/саат импорттоо келишими түзүлгөн».

2023-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи 30%га жогорулаган. Калк үчүн бир кВт/саат тарифи 77 тыйындын ордуна 1 сом болгон.

Эгер бир айлык керектөө 700 кВт/сааттан ашса, 2 сом 16 тыйындан эсептелет.

Ошондой эле ушул жылдын 11-майында өлкөдө электр энергиясынын тарифи жыл сайын өзгөрүп турары да айтылган.

24-июлда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал киргизилген.

Министрлер кабинетинин 20-июлдагы жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев ушундай режим киргизүүнү сунуштап, колдоо тапкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM