Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө өрт кырсыктарынын саны жана келтирген зыяны да өсүп жатат

Коом | 6 Дек 2023 | 315 | 0

Өлкө боюнча 11 айдын ичинде 33 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 44 адам көз жумду. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдиргендей, анын ичинен өрт кырсыктары көбүрөөк катталды. Келтирилген материалдык чыгым 300 млн сомго жакындады. Бирок салыштырмалуу катталган өзгөчө кырдаалдар дээрлик 44 пайызга азайганы маалым болду.

Өлкөдө быйыл он бир айда 3 миң 116 өрт кырсыгы катталып, куткаруучулар кырсыктан 39 адамдын өмүрүн, 13 млрд сомдон ашык материалдык чыгымды сактап калышты. Бул тууралуу маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымдады.

Ал өрт кырсыгынан 29 адам каза болуп, тилсиз жоо 1 млрд сомдон ашык чыгым алып келгенин билдирди.

Өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыктарынын саны 15,9 пайызга көбөйгөн. Ал эми суу ташкындарынан 103 адам көз жумду. Былтыр бул көрсөткүч 84 адамды түзгөн.

Министр өлкөдө эмне себептен өрт кырсыктарынын саны өсүп жатканын мындай түшүндүрдү.

«Кытайдан, Орусиядан аябай көп техника келди. Ар бир өндүрүштүн өзгөчөлүгү бар. Өзүнүн стандарты бар. Учурда Кытайдын, Орусиянын техникалары толугу менен өзүнүн кыматын аткарып жатат. Биздин өрт өчүрүү кызматкерлеринин колдору аябай узарып калды. Мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Азыркы күндө өрттөрдүн көлөмү да чоңоюп кетти. Себеби эл көбөйүп жатат. Тыгыз жашагандыктан, акыркы убакта өрт коопсуздугу сакталбагандыктан, материалдар да жакшы эместигинен, туура эмес материалдарды колдонгондуктан өрт кырсыктары көбөйүп, каза болгондордун саны да өсүп жатат».

Мындан тышкары, акыркы эки жылда өзгөчө кырдаалдар министрлигине 3 тик учак, 700 техника алынды. Анын 200гө жакыны жаңыланган, 500ү жаңы алынды.

Айрыкча алынган оор инженердик техникалар калкты жана аймактарды сел, суу ташкындарынан коргоо максатында дарыя, арык, каналдардын жээктерин бекемдөө ишин кыйла жеңилдетти.

Министр Бообеков жогоруда аталган иштердин натыйжасында 10 минден ашык турак жай, ички чарбалык жолдор, 4 миң гектарга жакын айдоо аянты, социалдык объекттер, көпүрөлөр селден коргоого алынганын маалымдады.

Ошондой эле курулушка катуу талаптар коюла баштады.

«Чүй облусу кырсыктар көп катталбаган облустарга кирет. Ал эми жер титирөө жагынан карай турган болсок, Кыргызстан кооптуу жайда жайгашкан. Кооптуу жерде жашагандыктан биздин бир катар катуу талаптарыбыз бар. Курулушка жана башка тармактарга байланыштуу. Башка мамлекеттерге салыштырганда, бизде үйлөр кымбат. Бишкекте 8 баллга чейин жер титирөө катталат. Курулуш тармагын мамлекеттик курулуш ишканасы толугу менен көзөмөлдөйт. Ал эми биз өрт коопсуздугун көзөмөлдөйбүз».

Быйыл февралда 180 кыргызстандык куткаруучу Түркияга барып, зилзаланын очогунда издеп-куткаруу ишин жүргүзүп келишти.

Алар жарым ай ичинде урандылардын астынан 200гө жакын адамдын сөөгүн чыгарып, 8 адамдын өмүрүн сактап калышты.

Министр бүгүнкү күндө кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүү максатында медициналык кызмат түзүлүп жатканын айтты. Анда куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр жана мекеменин башка кызматкерлери тейленет.

«Азыркы учурда медициалык кызматты түзүүнү пландап жатабыз. Буга чейин министрликте мындай түшүнүк жок эле. Биздин кызматкерлер башка министрликтерге кайрылып, өзүнүн ден соолугун карашчу. Бул демилгени Саламаттык сактоо министрлиги менен чогуу ишке ашырууну көздөп жатабыз. Эгер бул кызмат түзүлсө министрликтин кызматкерлери, аскер кызматкерлери ден соолугун алдын ала текшерип тура алышат. Бул багытта бир катар иштерди баштадык».

Кыргызстандын амактарында 4,5 миндей жер көчкү журүү коркунучу бар тилкелер бар. Алар өлкөдөгү 1 миң 186 калктуу конушка коркунуч жаратып келет. Адам өмүрүн жана материалдык чыгымдардын алдын алуу максатында Борбор Азияда биринчи жолу Кыргызстанда, Өзгөн районунун Аюу-Сай тилкесинде жер көчкүнү тектирлеп түшүрүү ыкмасы колдонула баштады.

Copyright © 2017 Maral FM