Биз менен байланышыңыз

Транспорт министрлиги: эң көп ички жолдор оңдолду

Экономика | 6 Дек 2023 | 628 | 0

Өлкөдө 11 айда эл аралык жана жергиликтүү маанидеги жолдор жана көпчүлүк ички көчөлөргө асфальт төшөө иштери жүрдү. Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев быйыл жалпысынан 660 чакырымдан ашык жол жасалып, план ашыгы менен аткарылганын билдирди. Анын айтымында, 2021-жылы 230 чакырым, 2022-жылы дээрлик 499 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Мындан сырткары транспорттук көзөмөлдү күчөтүүнүн жыйынтыгында бюджетке 56 млн сомго жакын каражат түшкөнү айтылды. Министрликтин жыл башында коюлган планынын канча пайызы аткарылды? 

Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев быйыл өлкө боюнча 660 чакырым жолго жаңы асфальт төшөлүп, план ашыгы менен аткарылганын билдирди.

Айтуусунда, жолдор насыяга, чет элдик компаниялардын жардамы менен гана эмес, ата мекендик ишканалардын күчү менен да курула баштады.

«Нарын», «Казарман», «Талас», «Жалал-Абад» менен «Кербен» аэропортторунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальттоо иштери жүрдү. Казынадан бөлүнгөн каражаттын көлөмүнүн көбөйүшү менен жолдор насыяга, чет элдик компаниялардын көмөгү менен гана эмес, ата мекендик ишканалардын күчү менен да курула баштады. Ош-Баткен-Раззаков, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашууда».

Министрликтин маалыматына ылайык, жолдорду курууга жана оңдоого 700дөн ашык техника сатып алуу пландалып, быйыл анын 265и өлкөгө жеткирилди.

Министр билдиргендей, 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөлүп, жарыктандырылды.

«Узундугу 3890 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелинин түндүк жана түштүк жагынан казылышы аяктап, Бишкек-Ош унаа жолунда көчкүдөн коргоо галереясы пайдаланууга берилди. Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү дагы өз жыйынтыгын берип, казынага түшкөн каражаттын көлөмү кыйла өстү. Алсак, быйыл 11 айдын ичинде өлкө казынасына 55 млн 789 миң сом түшүп, көрсөткүч 2 эсе жакшырды. Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү дагы өз жыйынтыгын берип, казынага түшкөн каражаттын көлөмү кыйла өстү. Алсак, быйыл 11 айдын ичинде өлкө казынасына 55 млн 789 миң сом түшүп, көрсөткүч 2 эсе жакшырды».

Мекеме 11 айдын ичинде эл аралык автомобиль ташууларга 90 миң 894 уруксат кагаздары берилип, алардан 19 млн 483 миң сом түшкөн. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине карата 24 миң 630 уруксат кагаздары берилип, 6 млн 774 миң 500 сом бюджетке түшкөн.

Министр Текебаев Кытайдын Сиань шаарында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча кийинки кадамдарды караган үч тараптуу документке кол коюлганын маалымдады.

Ошондой эле ал министрлик тарабынан дагы кандай иштер аткарылгандыгы тууралуу айтып берди.

«Буга чейин жол белгилерин жеке компаниялар чыгарып келсе, март айынын аягынан тарта министрлик өзү чыгара баштады. “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесиндеги устакана күнүнө 200дөн ашык жол белгисин чыгара алат. 7-10 жылга чейин жарамдуу жол белгилеринин баасы тирөөчү менен жеке компаниялардан алганга салыштырмалуу кыйла арзан. Ошондой эле, цехти ачуу менен жаңы жумуш орундары түзүлдү. Жакынкы жол тейлөө ишканаларынын байланыштары, жолдордун абалы тууралуу маалыматтарды камтыган жол картасы ишке киргизилди».

Транспорт министрлигинин маалыматына караганда быйыл 11 айда Кыргызстандын автотранспортчулары тарабынан 209 миңден ашык каттам аткарылып, 3 млн 514 миң 807 тонна жүк ташылган. Былтыр ушул мезгилге карата Кыргызстандын автотранспортчулары тарабынан 176 миң 122 каттам аткарылып, 2 млн 779 миң 477 тонна жүк ташылган.

Copyright © 2017 Maral FM