Биз менен байланышыңыз

Майыптыгы бар жарандардын балалуу болуу укугу канчалык деңгээлде корголууда?

Ден соолук , Коом | 5 Дек 2023 | 3272 | 0

Кыргызстанда майыптыгы бар жарандардын билим алуусуна, медициналык жардам алуу жана жумушка орношууда бир топ тоскоолдуктар бар. Ошондой эле майыптыгы бар аялдардын эне болуу укугу да чектелип, андан сырткары коомдо басмырлоого да кабылып келет. Быйыл Кыргызстанда Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгы белгиленүүдө, бул датага байланыштуу майыптыгы бар аялдардын балауу болуудагы укутары тууралуу баяндайбыз.

Эки баланын апасы Гүлмайрам Алимбай кызы 31 жашта. Ал биринчи топтогу тубаса айнек сөөк орусу менен ооруйт. Гүлмайрам тун кызын 2018-жылы кучагына алып, эне статусуна ээ болгон. Аны мамлекеттик ооруканаларда иштеген дарыгерлер каттоого кабыл албаганын, бирок ал баладан баш тартпоо үчүн ар кандай жолдорун издегенин айтат.

Гүлмайрамга дарыгерлер медицинада анын диагнозу менен төрөө мүмкүн эмес экенин, ал үчүн анын ден соолугу маанилүүлүгүн түшүндүрүшкөн. Гүлмайрамдын айтымында, ал  Кыргызстандагы алгачкы тубаса айнек сөөк орусу менен төрөгөн аял.

Алгач ал жеке менчик клиникаларга кайрылган. Алар жоопкерчилик ала албастыгын, өзү жашаган жердеги поликлиникага каталуусу керектигин айтып чыгарып жиберген.

“Каттоодо турган поликлиникага келгенимде мени угуп эле даргерлер аборт жасатасың, болбойт деп айтышты. Ал жерде дарыгерлер чогулуп бир нече жолу консульцатия беришти. Андан кийин 2-төрөтканада эң чоң консультация болду. Ал жерде менин ден соолугума байланыштуу кордиолог, гинеколог, травмотолог жана башка күчтүү профессорлор дарыгерлер, үйдөгүлөр келди. Ал жерден да болбойт деген корутунду чыгарып берди. Эмне себептен болбой турганы тууралуу баардык маалыматтар жазылды. Ошол жерде гинеколог Арсен Аскерович деген дарыгер жүрөктү толугу менен текшертип келүүнү айтты. Барып баардык анализдерди тапшырып, текшерүүдөн өткөндөн кийин анан жеке кабыл алуусунда болдум”.

Жалпы текшерүүдөн кийин Гүлмайрам дарыгердин жеке кабыл алуусунда жолдошу, ата-энеси менен болгон. Анда Гүлмайрамдын абалы тууралуу маалымат алып, дарыгер Гүлмайрамды өз көзөмөлүнө алган. Ал ай сайын даргердин көзөмөлүндө болуп, операция жолу менен төрөгөн.

Кыз чоңойгондон кийин жашоого болгон талабы да өзгөрүп, ар бир нерседен маалымат алууну каалап калат экен дейт Гүлмайрам. Убагында Жогорку окуу жайда окуй албай калаганын айтып, баласы үчүн билим алууну чечкен.

Азыр анын эки баласы бар. Чоң кызы бала бакчага барса, кичүү баласы бир жарым жашка чукулдап калган кези.

«Назик кыз» майыптыгы бар кыздардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Үкөй Мураталимева да бир кыздын апасы. Ал бүгүнкү күндө майыптыгы бар аялдардын балалуу болуу укугу чектелип жатканын айтат.

Мураталиева кош бойлуу майыптыгы бар аял үчүн эң негизги нерсе: дарыгердин, айланадагы адмадардын, жакындарыңдын моралдык жактан колдоосу маанилүү экенин белгилейт.

Мындан бир канча жыл мурда малекеттик эмес, жеке менчик клиникалардан майыптыгы бар аялды туура түшүп, колдоо көрсөтө турган дарыгер табуу кыйын болгонун, ал өзү түз эле жеке менчик клиникага барганын айтты.

Үкөй Мураталиева майыптыгы бар аялдардын балалуу болуу укугун анын майыптыгы эмес, айлана чөйрөдө шарттардын жоктугу чектеп жатканын, жеке менчик клиникаларда да шарт жоктугуна токтолду.

«Бардык клиникаларды карагыл,а майыптыгы бар аял төрөйт деп эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Бул майыптыгы бар аялдардын медициналык кароодон өтүү укугунун түздөн түз бузулуусу. Ошондой эле эне болуу укугубуздан ажыратуу аракети. Дарыгерлердин абортко түртүүсү, кемсинтүүсү, басмырлоосу-мунун баары дискриминация. Баарын жеңди түрүп, төрөгүлө деп үндөбөйм. Биз кыздар балалуу болууга даяр экенибизди сезип, жоопкерчилик алууга даяр болгонубузда гана аракет кылуубуз керек. Күч топтоп аракет кылганыбызда гана бизге эч ким тоскоол боло албайт».

Ошондой эле ал майыптыгы бар жарандан майыптыгы бар бала төрөлөт деген стеротиптен алыс болууга чакырат. Анткени бул нерсе ар бир жаран кош бойлуу кезинде өзүн алып журүүсүнөн, төрөт учурунда же кийин кандайдыр бир кырсыктан улам да болуп калуусу мүмкүн экеин Үкөй кошумчалады.

Майыптыгы бар жарандардын укугун коргогон Аскар Турдугуловдун айтымында, биринчи топтогу майыптыгы бар жарандар балалуу болууга жана балдар үйүнө мыйзам боюнча тыюу салынган.

Майыптыгы бар аялдарга толук шарт түзүлбөгөнүн, дарыгерлер тарабынан ар кандай кысым болоорун айтып, майыптыгы бар мырзалар да ушундай көйгөйгө туш болоорун айтты.

«Дарыгерлер майыптыгы бар жарандар балалуу болгусу келгенде жакшы мамиле кылбайт жана толук маалымат бербейт. Жөн гана «эмне кыласың» деп эле коюшат. Мунун баары стереотиптердин айынан болуп жатат. Жок дегенде дарыгерлер толук маалымат берсе жакшы болмок».

Саламатты сактоо министрлигинин медициналык уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашованын айтымында, 2023-жылдын тогуз айында өлкө боюнча жалпы 105 184 төрөт катталган, анын ичинен 263 майыптыгы бар аялдар төрөгөн. Бул көрсөткүч жылдан жылга өсүп жатат.

Ал эми Асылбашова мамлекеттик төрөтканаларда майыптыгы бар аялдар үчүн бардык шарттар каралганын, медициналык кароо толугу менен акысыз экенин айтты.

«Өлкө боюнча майыптыгы бар 263 аял төрөгөн. Эң көп көрсөткүч Жалал-Абад облусунун да катталган. Бул көрсөткүч акыркы үч жылдын ичинен жылдын тогуз айында эле эң көп катталган учур болду. Төрөтканаларда бардык процесстер акысыз. Эгер майыптыгы бар аял кесарева жолу менен төрөсө алда акысыз болот».

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык Кыргызстанда майыптыгы бар жарандар 204 миңден ашат, алардын ичинен 35 миңдейи — жаш балдар.

Өлкөдө майыптыгы бар жарандарга шарттын жогтугу жана алардын билим алууда, медициналык жардам алууда жана жумушка ороношууда көптөгөн кыйынчылыктар, тоскоолдуктар бар экени айтылып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM