Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык Хайитхон Хусан кызы эл аралык мелдеште алтын утту

Кыска кабар , Спорт | 4 Дек 2023 | 992 | 0

Кыргызстандын парадзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Жапонияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Кезектеги Гран-при сериясындагы турнир 4-декабрда башталды. Хайитхон Хусан кызы 48 кг чейинки салмак ченинде 1/4 финалдык баскычтан баштап күрөштү. Алгач монголиялык атаандашын жеңип, жарым финалда болсо аргентиналык спортчуну утту.

Ал эми финалдык беттеште жапониялык Хангаи Шизукини жеңип, алтын медаль тагынды.

Быйыл октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн IV Азия паралимпиада оюндарында Хайитхон Хусан кызы чемпиону болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM