Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШдагы ачык чемпионатта алтын утту

Кыска кабар , Спорт | 3 Дек 2023 | 940 | 0

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча АКШнын ачык чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча федерациясынан билдиришти.

Чемпионат ушул күндөрү Түндүк Каролинанын Гринсбородо шаарында өтүп жатат.

Денис Петрашов 1-декабрда брасс ыкмасы боюнча 100 метр аралыкты 59,46 секундда сүзүп өтүп, алтын медаль жеңди.

Кыргызстандык суучул мыкты жыйынтык көрсөтүп гана тим болбостон, экинчи ирет Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

Петрашов буга чейин Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпионатында 2024-жылы Парижде өтчү жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM