Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын ири базарларындагы иш таштоолор, нааразычылыктар уланууда

Коом , Экономика | 1 Дек 2023 | 622 | 0

Кыргызстанда базарларда ККМге каршы нааразчылык акциялары уланууда. Бүгүн, 1-декабрда Бишкек шаарындагы «Аламүдүн», «Чынар», «Таатан», «Сары-Өзөн» базарларынындагы ишкерлер ККМ аппаратына каршы экенин, патент менен эле иштөө ыңгайлуулугун айтышууда. Ушундай эле талап менен Ош шаарынын мэриясынын алдына да ишкерелер нааразычылыгын билдирип чыкты, андан сырткары Таласта, Каракол шаарларында да соодагерлер нааразычылыкка чыгышты. Айрым экономисттер бул жагдай, өкмөттүн салык саясатын аткарууда алешемдиктер кетип жатканынан улам пайда болгонун айтат. Дагы бири эксперт сырттан келген товарларды контролдоо үчүн Бажы кызматы менен Салык кызматы бирге иш алып барса натыйжа болорун айтат. 

Жылдыз Мусаева 20 жылдан бери Бишкек шаарындагы «Аламүдүн» базарында иштейт. Ал ККМге каршы экенин айтып, ал күнүмдүк тамак-аш саткандарга патент менен иштөө ыңгайлуулугун билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө соода тармагы ККМге даяр эмес.

«Биз ККМге каршылыгыбызды билдирип чыктык. Азыркы учурда базар ККМге даяр эмес, биз суук жерде турабыз. Биз ККМди басканга эмес, колубузду жылыта албай отурабыз. Биз товарды кээде «Дордойдон» карызга алып келебиз. Аны сатып бүтө элек жатып, «акчасын бер» деп чала баштай. Алган товарын түгөй элек, башка товар алуу керек болуп калат, мурда алган адамды айланып өтүп, дагы башкасынан карызга жаздырып аласың. Алган товарды кээде карызга сатасың, ал качан алып келет ал да белгисиз. Анан биз Кантип ККМ менен иштейбиз?»

«Аламүдүн» базарынын ишкерлери качан масле бир тарапка чечилгенче жумушка чыкпай турганын айтышты. Бирок ага карабастан айрым ишкерлер контейнерин ачып, иштеп жатканына күбө болдук.

«Аламүдүн» базарында иштеген дагы бир ишкер Ризвана Мухаммедова базар жетекчилиги базарда иштеген жарандардын өздүк паспортун сурап, мажбурлоо жолу менен ККМ аппаратына каттатып жатканын айтты. Базар жетекчилиги «ким катталбаса, жаңы жылдан тарта контейнерин жаап, ишке чыкпайсыңар» деп жатканын айтып, буларга токтолду.

«Биздин өздүк маалыматтарыбыздын баарын алды, ККМге каттоо үчүн паспортторубуздун көчүрмөсүн да алып, талап кылып жатышат. Базардын бир жерине Салык кызматынын кызматкерлерине эки айга айлык төлөп отургузуп коюптурлар. Эми ошондон барып өзүңөр маалымат алып алгыла деп жатат. Базар жетекчилиги эч нерсе түшүндүргөн жок. Алар бизге «силер өтө бергиле, баары бир сегиз силлонго жетпейсиңер, ойлонбогула» деп жатат. А булар айыппул менен иштешет экен. Эгер бир туура эмес басып алсаң, дароо келип олчойгон сумма менен айыппул салып кетет. А биз иштейбизби же алардын айыппулун эле төөп отура беребизби».

Дагы бир ишкер Жээнгүл Алишева 30 жылга чукул убакыттан бери «Аламидин» базарында иштеп келет. Анын айтымында, 8 миллонго бат эле жетип калат. Ал суммага жеткен менен андан түшкөн пайда аз суммада.

«Сегиз миллон сомго бат эле жетесиң. Бүгүнкү күндө 1 кг кум шекердин баасы 75 сом, 5 л майдын баасы 600 сом, бир күндө 20 миңдин тегерегинде соода болгондо, бир жылда андан ашып кетет. Биз аз аздан эле коюп сатабыз, сегиз миллионго бат жеткен менен андан көргөн пайда аз эле. Көпчүлүгүбүздүн кредитибиз бар. ККМ менен коррупцияга жол ачылууда, дүкөндөгө салык кызматынын кызматкерлери барып «бүгүн 10 миң деп жаза бер» деп акча алып жатышат. Мен 30 жылдан бери ушул жерде иштеп, баарын жакшы билем. Бизге али ККМ эрте, базар даяр эмес».

Ишкерлер ККМдин ордуна патенттин баасын кымбаттатып берсе жакшы деген ойдо. Алар бүгүнкү күндө иштеген жеринин аянтына жараша патент алып иштеп келишүүдө.

Ошондой эле бүгүн Бишкектеги “Чынар” базарында, Ал эми респбуликанын аймагында Ош, Талас, Каракол шаарларындагы базарлардын 100дөгөн соодагерлери да көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы болуп нааразылык акцияга чыгышты. Алар базарларда азыркыдай эле патент системасын калтыруу талабын коюшууда.

«Аламүдүн» базарындагы айрым ишкерлер менен сүйлөшкөнүбүздө, белгисиз номер менен телефон чалып, өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, «Митингге чыгат экенсиңер каттоого алып жаткан элем» деп аты-жөнүн сураган. Биз менен сүйлөшкөн ишкер корконунан айылда экенин айткан. Андан кийин ага бир нече жолу чалган, бирок ал жооп берген эмес.

Базардагы ишкерлер базарлардын шарттарына да нааразычылыгын билдиришити. Алар базар ээсине, тиешелүү кызматтарга салык төлөп жатышканын бирок, базарда эч кандай шарт жоктугун айтышууда. Алар жазында ысык, кышында суук экенин, суук мезгилде жылыткыч колдонсо өрт өчүрүүчүлөр келип айыппул салып жатканын, эч кандай шарттын жоктугун айтышууда.

Ош шаарында соодагерлик менен алектенген ишкердин айтымында, башка жерден дүңүнөн товар алганда сатуучу талап кылынып жаткан бардык документтерди берүүгө даяр экенин, бирок үстүнө үстөк баа кошуп берерин айтып жатканын айтты. Бул көрүнүш соодагерлердин ишине тоскоолдук жараттарын айтып, буларга токтолду.

«Дүң баада товар саткандар биз сураган электрондук эсеп-фактураны жана башка документтерди кыйынчылыксыз эле алып, жазып берем деп жатат. Бирок товардын үстүнө ал кошулуп, кымбат болуп жатат. Мисалы, мен мурда бир товар 500 сомдон алып жүргөн болсом, а азыр ЭСФ жаздырып алсам 500 сомдук товар, 540 сом болуп жатат. Мен да бираз кошуп, пайда көрүүм керек. Мен алып барып 560 сомдон сатса, мен товар алган сатуучу дүң эмес, майдалап алган адам барганда ага 500 сомдон эле сатып жатат. Ал да анын чечими, ал мен үчүн эч качан товарын 560 сомдон сатпайт. Анын да соодасы жүрүү керек. Биз бүгүн ошну үчүн келдик». 

Эконмика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакировдун пикиринде, сырттан келген товарды Бажы аркылуу каттап жаткан учурда эле салыгын кошо алса ишкерлер үчүн жеңил болмок. ККМ киргизүүдө башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап, баарына түшүнүктүү жөнөкөй система киргизүү керек.

«»Дордой» базары экспорттук базар. Ал жерге ККМ керек. канча товар сыртка кетти, канча товар ичик базарларга кирди ошолорду билүү үчүн зарыл. Биринчи кезекте экспорттун базары же ички рыноктун базары экенин аныктап, ошого жараша мамиле кылуу туура болот.  Ошону менен катар салык төлөнүүсү керек, бирок баарына жеткиликтүү, түшүнүктүү, жөнөкөй система менен жүргүзүлүүсү шарт. Сырттан товар келгенде Бажыдан катталат ошол учурда  базарга кирчү товардын салыгын ошол жерден алып коёо турган жактарын да кароо керек».

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиевдин пикиринде, бүгүнкү күндө ККМ киргизүүгө убакыт келди. Ал көйгөй ККМде эмес экенин айтып, негизги маселе маслекеттик чечимди аткарган аткаруучулардын жоопкерчилиги, алардын соодагерлерге жасаган мамилесинде болуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле ал мындай чечим кабыл алууда эл аралык уюмдардан да байкоочу эксперттерди тартуу керек деген ойдо. Анткени мамлекеттик органдар өздөрүнүн катасын, өздөрү көрбөй калуусу мүмкүн дейт.

«ККМ маслеси боюнча мурдатан эле эки башка пикир болуп келген. Бүгүнкү күндө мен бир тараптуу көз караш менен карай албайм. Бул системанын убактысы чын эле өтүп жатат. Ошндуктан кандайдыр бир жолун табуу мезгили келди. Менимче, маселе ККМде деле эмес, бул жерде мамлекет чыгарган чечимди аткарып жаткан аткаруучу органдардын жумушунда, мамлесинде. Мен баарына бирдей мамиле болуп жататканына анчалык ынанбайм. Анткени түрдүү мамилелердин, ар кандай шарттардын артында ушундай нааразчылыктар болуп жатат деп ойлом». 

Буга чейин 29-нябрда “Кара-Суу” базардында эмгектенген соодагерлер, ККМ колдонууга каршы экеинин айтышып, нааразычылык акциясына чыгышкан.

30-ноябр күнү “Дордой” базарынын ишкерлери “өзгөчө” салык режимине каршы экенин билдиришип, Акылбек Жапаровду ишкерлер менен жолугушуусун талап кылышкан. Ошол эле күнү Бишкектегеи кездеме саткан “Мадина” жана “Орто-Сай” базарындагы соодагерлер салыктын жаңы түрүнө нааразы экенин билдиришип, жумуш ташташкан.

Copyright © 2017 Maral FM