Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясы кабыл алынганы менен, майыптыгы бар жарандардын укуктары көп учурда корголбой келет. Мындан улам, алардын укуктары толук корголуусу үчүн ондогон коомдук уюмдар өкмөткө Факультативдик протоколду ратификациялоо боюнча кайрылуу жасашты. Жети дубанда тегерек столдор өтүп, анда резолюция кабыл алынып, өкмөткө жиберишти. Сөз болуп жаткан Факультативдик протокол өлкөдө ратификацияланса, майыптыгы бар жарандар өз укугун коргоо үчүн БУУга кайрыла алат. Бул протоколдун ратификацияланышы эмне үчүн маанилүү? Ал Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
Кыргызстанда Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясына Факультативдик протоколду кабыл алуу боюнча бардык региондордо тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдор Баткен шаарында башталып, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Каракол шаарларында уланды. Жыйынтыктоочу тегерек стол Бишкекте 24-ноябрда болуп, эки айга созулду. Министрлер Кабинетинин алдындагы Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаковдун айтымында, Кыргызстан 2019-жылы майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча БУУнун Конвенциясын ратификациялаган. Бул өтө маанилүү иш-чара болгон. Бирок майыптыгы бар адамдардын укугунун толук кандуу корголушу үчүн Конвенциянын Факультативдик протоколун дагы кабыл алуу зарыл.
“Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү БУУнун Конвенциясында алардын укуктары так көрсөтүлгөн. Бирок укуктары сакталбай же бузулган учурда эмне кылуу керектиги тууралуу эч нерсе жок. Демек, бүгүнкү күндө Конвенциядагы шарттар аткарылбаса, аны укуктук жактан коргоого шарт түзүлгөн эмес. Факультативдик протокол кабыл алынса, укуктук жактан шарт түзүлүп, майыптыгы бар жарандар БУУга чейин кайрылууга мүмкүн болот”.
Азыркы тапта Кыргызстанда майыптыгы бар жарандар укугу бузулган учурда, өз укуктарын коргоодо кыйынчылыкка дуушар болуп келет. Параспортчу Нургүл Болоталиеванын айтымында, жакында эле Жогорку Кеңеште параспортчулар үчүн параолимпиадалык комплекс куруу демилгеси колдоо тапкан эмес. Мындан башка да көптөгөн укук бузууга тушуккан параспортчулар, өз укугун коргоо үчүн Кыргызстанда да Факультативдик протокол кабыл алынса деп үмүттөнөт.
“Биз чындыгында коомдо ар кандай тоскоолдуктарга туш келип жатабыз. Эгер биз укугубузду коргоо үчүн эл аралык деңгээлде кайрыла алсак, бул биз үчүн чоң жетишкендик болмок”.
«Колго кол» Аутизми бар балдардын ата-энелеринин коомдук фондунун жетекчиси Жылдыз Садыкова, Кыргызстанда БУУнун Конвенциясы кабыл алынгандан кийин, инклюзивдүү билим берүү боюнча министрликтин астында жумушчу комиссия түзүлгөнүн айтат. Комиссия инклюзивдүү билим берүү боюнча концепцияны кабыл алып, бир топ иш-чараларды бекиткен. Тилекке каршы, практикада ал ишке ашпай, декларативдик бойдон калган. Мындан улам, ал азыркы тапта дээрлик 85% майыптыгы бар балдар, өспүрүмдөрдүн билим алуу укугу корголбой жатканын билдирет.
«Бизде майыптыгы бар балдардын 14% гана билим алат. Ал да жеке уюм жана ата-энелердин демилгелеринин натыйжасында ишке ашууда. Быйыл август айында «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынды. Анда бир бөлүмү толугу менен инклюзивдүү билим берүүгө багытталган. Биз азыр ушул мыйзамдын ишке ашарына үмүт кылып жатабыз. Мыйзамдарды ишке ашыруу тилекке каршы, өлкөдө өтө жай жүрүп жатат. Ошондуктан Факультативдик протоколдун кабыл алынышы да маанилүү. Бул процессти тездетмек».
Бишкек шаарындагы жаштардын дүлөйлөр коомунун жетекчиси Алия Турдиева белгилегендей, Кыргызстанда угуусу начар адамдар өрт өчүрүү, тез жардам сыяктуу кызматтарды колдоно албай келет. Бул маселе БУУнун майыптыгы бар адамдардын укугу жөнүндө Конвенциясы кабыл алынгандан кийин да чечилген эмес. Ал өзү да ушундай абалга кабылганын айтат.
«Менин үйүмдө өрт чыкканда, өрт өчүрүүчүлөрдү чакыра алган жокмун. Тилекке каршы бизде өрт өчүрүү кызматын телефон чалуу менен гана чакыра алат экенбиз. СМС билдирүү жөнөтүү же видео чалуу кабыл алынбайт. Ал эми Автсралия, АКШ, Канада, Германия сыяктуу өлкөлөрдө дүлөйлөр смс билдирүү менен кабар бере алышат. Орусияда да бул нерсе жолго коюлган. Бизде 112 кызматынын мобилдик тиркемеси болгону 2 ай гана иштеп, азыр белгисиз себептер менен иштебей турат».
Факультативдик протоколду кабыл алуу боюнча тегерек столдо майыптыгы бар энелердин укуктары бузулуп жатканы, Бишкек шаарында тротуарларды, жаңы имараттарды курууда майыптыгы бар адамдар үчүн эч кандай шарттар жоктугу да айтылды.
Факультативдик протокол эл аралык келишим болгондуктан, аны кабыл алуу үчүн, парламентке Министрлер Кабинети мыйзам долбоорун сунуштоо керек, — дейт депутат Камила Талиева. Ал тиешелүү министрлик тарабынан мыйзам долбоору демилгеленсе, депутаттар колдоп берерине ишенет.
“Бул эл аралык келишим болгондуктан, мыйзам долбоору Эмгек, социалдык өнүгүү министрлиги иштеп чыгып, парламентке Министрлер Кабинети тарабынан сунушталышы керек. Ошондо гана парламент тиешелүү комитеттерде карап, андан ары жалпы жыйынга алып чыкса болот. Менин жеке пикиримде, биздин жарандардын укугун коргоо багытталган Факультативдик протокол өтө маанилүү документ. Парламентке кароого келгенде депутаттар бул маселеге кайдыгер карабай, баары колдоп берет деп ишенем”.
Факультативдик протокол Кыргызстанда кабыл алынса, майыптыгы бар жарандарга БУУнун тиешелүү комитетине кайрылууга укук берет. Бул өлкөдө адам укугун коргоо механизмин күчөтөт жана Конвенциянын жоболорун натыйжалуу ишке ашуусун камсыз кылат. Кыргызстан укуктук мамлекет катары эл аралык деңгээлде бедели көтөрүлөт, өлкөдө инклюзивдик коомду жана жеткиликтүү чөйрөнү түзүү процесси тездейт.
P.S. Бул материал БУУӨП жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана сот адилеттүүлүгүнө тегиз жетүүнү күчөтүү» долбоорлорунун колдоосу менен даярдалды.