Биз менен байланышыңыз

Парламент айрым айыл аймактардын жана айылдардын атын өзгөртүү мыйзамын колдоду

Breaking News , Кыска кабар | 29 Ноя 2023 | 186 | 0
Баткен облусу

Жогорку Кеңеш Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду. Эми документ президенттин кароосуна киргизилет.

Демилгечи Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбооруна ылайык:

-Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы,

-Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы,

-Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы,

-Дүкүр айылын Достук айылы,

-Чек айылын Ынтымак айылы,

-Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы,

-Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы,

-Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп кайра атоо максатында иштелип чыккан.

Жогорку Кеңеш мындан тышкары, «Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам  долбоорун үчүнчу окууда карап, кабыл алды.

Ага ылайык, Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов,

-Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер жана Жийделик, Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек,

-Ош шаарынын Качыбек, Мээркан жана Татар,

-Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач,

-Мады айыл аймагынын Достук жана Кызыл-Тал, Ноокат районун Т. Зулпуев айыл аймагынын Калдай,

-Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил,

-Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM