Биз менен байланышыңыз

ИИМдин кеңеши: Балдарды зомбулуктан кантип коргойбуз?

Блог | 29 Ноя 2023 | 440 | 0

Ички иштер министрлиги балдарды зомбулуктан коргоо, баланын кылмышка кириптер болуп калбашы үчүн кандай чараларды көрүү керектигин сунуштайт.

Төмөндө маалыматты толук жарыялайбыз.

Эмне үчүн балдар кылмыштын курмандыгы болуп калышат? Анткени алар ишенчээк жана бейкапар болушат! Ал эми кылмышкер каалаган баланын тилин таап  алат.

Зордук-зомбулуктан качууга болот, бирок бул үчүн төмөнкүлөр керек:

  • балага көчөдө же үйдө жалгыз калганда жүрүм-турум эрежелерин түшүндүрүңүз;
  • эгерде балага жанындагы адам шек жаратса, же бир нерсе тынчсыздандырса, андан алыстап же токтоп, ал адамды алдыга өткөрүп жиберген оң;
  • балаңызга ой-пикирин, ички туйгусун коркпой, тартынбай айта тургандай сырдаш болуңуз;
  • балаңыздын өзүнө жасалган зордук-зомбулук боюнча айтып бергендерине олуттуу мамиле кылыңыз;
  • балаңыздын достору жана алардын ата-энелери менен алака түзүңүз;
  • балаңызды көчөгө жалгыз чыгарбаңыз;
  • сексуалдык, зордук-зомбулук камтылган тасмаларды, видеолорду көрүшүнө бөгөт коюу, интернет аркылуу педофил менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоо үчүн балаңыздын сыналгыдан кандай тасмаларды көрөрүн, кайсы сайттарга кирерин карап туруңуз;
  • балаңыздын интернетте өткөргөн убактысын сөзсүз көзөмөлгө алыңыз жана балаңыз интернетте ким менен байланышып жатканын билиңиз.

Коопсуздук эрежелерин сактоо менен балаңыз коркунучтан сактанып, оор кырдаалда туура чечим кабыл алат.

Урматтуу ата-энелер, «болбойт» деген беш эрежени балдарыңыз сөзсүз билишиңиз керек:

  • көчөдө бейтааныштар менен сүйлөшкөнгө, аларды үйгө киргизгенге болбойт;
  • алар менен подъездге же лифтке чогуу кирүүгө болбойт;
  • чоочун машинага түшкөнгө болбойт;
  • бейтааныш адамдардан белек албоо же алар менен үйүнө же башка жакка баруу сунушуна макул болбоо керек;
  • айрыкча караңгы киргенден кийин сыртта жалгыз жүрбөсүн.

Урматтуу жаран, эгерде сиз укук бузууга же кылмышка күбө болсоңуз, өтүп кетпеңиз, жардам бериңиз, милициянын 102 кызматына чалыңыз, 111 балдардын ишеним телефону, сиздерге тез арада жардам көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM