Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Палестинага 5 тонна гумжардам жиберет

Кыска кабар | 28 Ноя 2023 | 195 | 0
Сүрөт: Ibraheem Abu Mustafa / Reuters

Кыргызстан жакынкы күндөрү Палестинага 5 тонна гуманитардык жардам жеткирет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Палестинанын Жарандык коргонуу башкы директоратынын башчысы Алабед Ибрагим Абдул Салам Халил менен байланышкан.

Кыргызстан тез аранын ичинде тараптардын согуштук аракеттерди токтотуп, сүйлөшүүлөргө бара тургандыгынан үмүттөнүп жатканын белгилеген министр Газа тилкесиндеги жабыр тарткан калкка гуманитардык жардам жеткирилерин айткан.

Палестин аткаминери качкындардын лагеринде дары-дармек, суу, тамак-аш тартыш болуп жатканын айткан.

Буга чейин Палестинага гуманитардык жардам берүү маселеси парламентте да көтөрүлгөн.

Египет, Катар, АКШ мамлекеттеринин ортомчулугу астында Израил менен ХАМАС 22-ноябрда согушту 96 саатка токтотууга макулдашып, тынчтык келишим 24-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 7:00дө күчүнө кирген. Бул согуш башталган 7-октябрдан берки ири элдешүү болуп саналат.

Акыркы маалыматтар боюнча, Израил менен ХАМАСтын ортосундагы элдешүү шейшемби жана шаршемби күндөрү эки күнгө узартылды, анын жүрүшүндө израилдик барымтадагыларды палестиналык туткундарга алмаштыруу улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM