Биз менен байланышыңыз

Текстиль индустриясы боюнча биринчи улуттук форум өттү

Экономика | 29 Ноя 2023 | 671 | 0

Бишкекте тигүү жана текстиль индустриясы боюнча биринчи улуттук форум өттү. Форум аталган тармактагы бир топ ишкерлердин жолугушуусуна аянтча түздү. Анын алкагында катышуучулар жеңил өнөр-жай тармагындагы келечекти жана стратегиялык кызматташтыкты талкуулашты. Иш-чара Соода-өнөр жай палатасы жана Текстиль ассоциациясы тарабынан уюштурулду. 

«TEXPO» биринчи улуттук форуму 400дөй ишкердин башын бириктирди. Жергиликтүү ишкерлер өзүнүн товарларын да жарнамалашты.

Көргөзмөгөгө келген Ferents&Co ишканасынын өндүрүштүк эсеп боюнча адиси Адина Сүйүмбекова компания саякаттоо учурунда керектелген каражаттарды чыгарарын белгиледи.

Мисалы, баштыкча, тиш жуучу щётка, бир жолу кийилүүчү бут кийим жана башкаларды чыгарышат. Сүйүмбекованын айтымында, бул товарлардын бардыгы Кыргызстанда өндүрүлөт.

«Биздин ишкана саякаттоо учурунда адамдарга керек болгон буюм, каражаттарды чыгарат. Мисалы бет аарчы, тиш жуучу паста, щётка, бир жолу үйгө кийүүчү бут кийимдердин түрү менен баары бир баштыкчада болот. Кыргызстандын аймагында бир жарым жылдан бери иштеп жатабыз. Бирок ишкана 1994-жылдан бери иш алып барат. Бул товарлардын баары Кыргызстанда өндүрүлөт. Бизде самолетто, темир жолдо жүргөндөргө ыңгайлаштырылып жасалган. Булардан сырткары да башка товарларды өндүрүү каралып жатат».

«Аура» тигүү фабрикасынын жетекчиси Асылай Таирбек кызы ишкана 200 адамды жумуш менен камсыздай турганын айтты.

Ишкана WildBerries, Ozon жана башка онлайн соода платформалар аркылуу товарларды чет өлкөлөргө сатыкка чыгарат.

Асылай Таирбек кызынын айтымында, ишкерлер үчүн аянтачалар өндүрүш тармагын өркүндөтүүгө чоң салым кошот. Ошол үчүн мындай көргөзмөлөр көп уюштурулуп турушу керек.

«Биз көбүнчө үстүңкү кийимдерди тигебиз. Ага керектүү материалдарды чет жактан алып келебиз. Сапатка аябай маани беребиз. Көбүнчө WildBerries, Ozon сыяктуу товарды онлайн сатуучу жайлар аркылуу сатабыз. Пальто жана башка ушул сыяктуу кийимдерди тигебиз. Биз Дордойдо да сатабыз. Бизде 200 адам иштейт. Бүгүн жаңы кардарларды чогултуу максатында көргөзмөгө келдик. Биздин товарлар Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөргө сатыкка чыгат».

Nomading компаниясы 6 жылдан бери өндүрүш жана кампа жайларын, айыл чарба объектилерин куруу менен алектенип келет.

Ишкананын инженери Алишер Жумалиев товар өндүргөн жайларды куруу сунушу менен көргөзмөгө катышып, ишкерлер менен кызматташууга ниеттенүүдө.

«Биздин компания курулуш менен алектенет. Ар кандай имараттарды, жайларды курабыз. Ар кандай типтеги курулуштарды жүргүзөбүз. Мындан сырткары өндүрүү цехтерин да курабыз. Бүгүн атайын ушул форумга катышып жатабыз. Бизге мындай көргөзмөлөрдүн кандай пайдасы бар? Биринчиден, эл көрөт. Бүгүн тигүү чөйрөсүндө форум өтүп жатат. Биз ишкерлерге сапатуу, ыңгайлуу кийим тигүүчү цехтерди куруп берүүгө даярбыз. Алар менен кызматташуу максатында келип жатабыз».

Форумга Казакстандан, Орусиядан, Түркиядан жана Кытайдан тажрыйбалуу адистер, ишкерлер конок катары чакырылган.

Алсак казакстандык байер — Лилия Рах, Ozon орусиялык бизнести өнүктүрүү боюнча директору Ершов Илоанга, Alibaba компаниясынын эксперттери Эми Ли жана Дэниел Чжоу жана WildBerries маркетплейси аркылуу иш алып барган орусиялык өндүрүүчү — Лукина Анастасия жана башкалар тажрыйбалары менен бөлүштү.

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев учурда текстиль тармагында жаралган бир катар көйгөйлөргө токтолду.

Ал кадрлардын жетишсиздиги, сырьелук рыноктун туруксуздугу, экология көйгөйлөрү жана өндүрүштүн туруктуу методдорун киргизүү, зыяндуу химикаттарды пайдаланууну азайтуу зарылдыгы сыяктуу көйгөйлөрдү белгиледи.

Мындан сырткары ал бүгүнкү иш-чара тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

«Кыргызстанда өнөр жай тигүү багытында бир топ ассоциациялар бар. Өлкөдө бул тармакта биринчи жолу ушундай чоң форум өтүп жатат. Форумдун негизги максатына токтолсок, тигүү багытында иштеп жаткан адамдарды бири бири менен жолуктуруп, бир аянтчада келечекти жана алдыдагы максаттарды талкуулап, дүйнөлүк жаңы багыттарды киргизип жаткан адамдар чакырылган. Алар ушул тармактагы тажрыйбасы тууралуу айтып беришет. Биз туура багытта кетип жатабызбы? Эртеңкиге жооп бере алабызбы? Ушуларды талкуулоо максатында жолугушуу уюштуруп жатабыз».

2023-жылдын башында Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча, Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Анын алкагында Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан Fazman Textile деңгээлине туура келген текстиль ишканасынын курулушуна 16 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт. Ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашат.

Fazman Textile текстиль фабрикасы 2022-жылдын соңунда ачылган, ал жылына 1 млн даанага чейин эркектер, аялдар жана балдар үчүн костюмдарды чыгарат. Экспорттун көлөмү жылына 15 млн долларга бааланат.

Copyright © 2017 Maral FM