Биз менен байланышыңыз

Аймактарды реформалоо Жалал-Абадга жетти: 67 айыл аймак 36га кыскарат

Коом , Экономика | 28 Ноя 2023 | 974 | 0

Аймактарды реформалоо долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда 31 айыл аймакты кыскартуу боюнча долбоор даярдалды. Жалал-Абадда 8 район, облустук маанидеги 4, райондук маанидеги 5 шаар, 67 айыл аймак бар. Административдик-аймактык реформа боюнча райондук, облустук жумушчу топ иштеп, Министрлер кабинетине долбоор жөнөтүлдү. Ага ылайык, облустагы 67 айыл аймактын 31и кыскарып, 36 айыл аймак болуп калат. Ошондой эле райондук мааниде 1 шаар кошулат. Аймактарды ирилештирүү долбоору жазында ишке кирген. Учурда аймактарды реформалоо иши кандай жүрүп жатат?

Өлкөдө аймактарды реформалоо долбоору пилоттук түрдө Нарын облусунан башталган. Анын алкагында, облустагы бир нече айыл аймак бириктирилип, бир айыл өкмөт катары түзүлгөн.

Реформа элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, жашоо-турмушун жакшыртуу, жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин арттыруу, чечимдерди ыкчам кабыл алуу, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү максатын көздөйт.

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүм башчысы Венера Исалиева долбоор алгач пилоттук түрдө Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунда ишке киргенин билдирди.

Агенттиктин өкүлү аймактык реформа бардык облустарга жайылтыларын маалымдады.

Мындан сырткары ал учурда аталган облустарда реформа кандай жүрүп жатканын айтып берди.

«Облустарда административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча президенттин бир нерче буйруктары чыккан. Реформа пилоттук негизде айыл аймактардын деңгээлинде Ысык-Көл облусунун Түп районунда башталган. Ошондой эле Нарын облусунда башталган. Нарын облусу боюнча 63 айыл өкмөтүн 27си калып, 36сы кыскарды. Айыл өкмөтү кыскаргандан кийин штаттык бирдик да каралды. Ал да кыскарды. Айыл өкмөт башчылары жаңыдан дайындалды. Айылдык кеңештер да иретке келтирилди. Өлкөнүн калган аймактарында да бул реформа жүргүзүлөт».

2022-жылы ноябрда Элдик курултайда президент Садыр Жапаров административдик-аймактык реформа Түп районунан башталарын билдирген.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев реформанын негизинде Түп районунда 13 айыл аймак бешке чейин кыскарганын белгиледи.

Алар Түп, Каркыра, Кара-Сай, Балбай жана Ысык-Көл айыл аймагы болуп түзүлдү.

Кожоев Түп районунун эли реформаны түшүнүү менен кабыл алганын айтты.

Мындан сырткары Ысык-Көлдүн калган аймактарында да долбоорду ишке ашыруу пландалууда.

«Бул максатта атайын чечимдер кабыл алынды. Анын негизинде жер-жерлерди жыйындар өткөрүлдү. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айылдын кеңештеринде чечимдер бар. Мыйзамдуу түрдө өттү десек болот. Түп районунун калкы жалпы колдоп беришти. Учурда пилоттук режимде ишин алып барууда. Мындан сырткары калган 4 райондо Тоңдо, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл районунда 48 айыл аймак бар. Алардын 29 айыл аймагы кыскарып,19 айыл аймак түзүлөт».

Айдын башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында административдик-аймактык реформа маселелери талкууланган. Анда президенттин облустардагы өкүлдөрү айыл-кыштактарды ирилештирүү долбоорлору менен тааныштырды.

Өкмөттүн маалыматына караганда бул реформага байланыштуу тиешелүү мекеме-органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жер-жерлерде жумушчу комиссиялар түзүлгөн.

Бирок реформа тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер жаралууда. Кээ бир адистер реформа жакшы жыйынтык бербей турганын айтышса, айрымдары тескерисинче колдоодо.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруучулар Союзунун мурунку директору Болот Жапаров аймактардагы реформа кандай жүрүп жатканына баа берүү азырынча эрте экенин айтат.

Ал бир-эки айдын ичинде атайын изилдөө жүргүзүлөрүн белгиледи.

«Азыр бир нерсе деп айтууга эрте. Себеби долбоор жаңы эле ишке кирди. Бир-эки айдын ичинде изилдеп көрөлү деп жатабыз. Бизде 450дөн ашык айыл өкмөт бар. Алардын 15-20 пайызы гана өзүн өзү камсыздайт. Калгандарынын санын кыскартуу керек. Кичинекей, кедей айыл өкмөттөрдү чоң айыл өкмөттөргө кошуу керек. Чоң айыл өкмөт болсо, иши да көбүрөөк болот, акча да көбүрөөк каралат».

Буга чейин Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар аймактык реформа маселесин көтөрүп, айыл-кыштактарды ирилештирүүдө элдин, парламенттин пикири эске алынышы керектигин билдирген. Айрым аймактарда буга байланыштуу нааразылык дагы айтыла баштаган.

Аймактык реформа буга чейин Нарын менен Ысык-Көлдүн Түп районунда башталган. Анын негизинде Нарында 63 айыл өкмөтү ирилешип, 27ге чейин кыскарган. Түптө 13 айыл өкмөтү бешке чейин азайган.

Copyright © 2017 Maral FM