Акыркы жылдары күз-кыш мезгилдеринде Бишкек шаарынын абасы булганып, ыштын көрсөткүчү дүйнөдөгү булганыч шаарлардын сап башына чыгууда. Экологдор мунун себебин Бишкек жылуулук электр борборунда жагылган көмүрдүн сапатынан көрүшөт. Ошондой эле жаңы конуштардагы жашоочулардын көмүр жакканы менен байланыштырат. Унаалардын көптүгүнөн да шаарда кара түтүн пайда болгону көп жолу айтылды. Ыш менен күрөшүү максатында Бишкек мэриясы 22 отказанды газга өткөргөн. Бул жетиштүүбү?
Бишкек шаарына жылуулук бул жылы 31-октябрдан тарта бериле баштаган. Ал арада айрым эл аралык уюмдар абанын булгануусунун дүйнөлүк рейтингин чыгарышууда. 24-ноябрга карата IQAir эл аралык индексине ылайык, Кыргызстандын борбор калаасынын абасы «орточо» деген көрсөткүч менен 109 өлкөнүн ичинен 37-орунга чыкты. Алдыңкы тизмеде Индиянын Дели, Колката шаарлары, андан кийин Пакистандын Лохар, Карачи жана Кытайдын Чэнду шаарлары бар. Ал эми ноябрь айындагы көрсөткүчтө Бишкек менен Ташкент да «абасы булганыч» делген шаарлардын катарына кирди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкекте абанын булганышына алып келип жаткан негизги себеп Жылуулук электр борборунун түтүнү жана шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, ошондой эле эскилиги жеткен унаалар экенин билдирген.
БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕКТР БОРБОРУ КИЙИНКИ ЖЫЛЫТУУ МЕЗГИЛИНДЕ ГАЗ МЕНЕН ИШТЕЙБИ?
Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Улан Сапаров Бишкек шаарында пайда болгон ышка Жылуулук электр борборунун 10% гана тиешеси бар экенин, колдонулуп жаткан көмүр талапка жооп берерин, жылуулук борбордун түтүнү зыяндан арылтылып чыгарыларын айтат.
Буга чейин экология жаатындагы адистер Бишкек Жылуулук электр борборун газга өткөрүүнү сунушташкан. Бирок Өкмөт ага азыр мүмкүнчүлүк жоктугун билдирип келген.
Сапаровдун айтымында, «Газпром» менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, кийинки жылдан тарта ЖЭБди газга өткөрүү чаралары көрүлөт.
«Андан сырткары «Газпром» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эмки жылы газга өтүү пландары иштелип жатат. Так маалыматты бардык жумуш бүткөндө айтабыз. Биз кышкы мезгилге Бишкек Жылуулук электр борборуна 1 млн 200 миң тонна көмүр жагууну пландаганбыз. Казакстандан импорттолуп келген көмүрдүн калориясы 5,5 болчу, учурда көрсөтүлгөн нормадан түшкөн жок. Ал эми Кара-Кечеден келген көмүрдүн калориясы 4,3төн жогору болуп жатат. Түтүндүн баары чыпкаланып чыгат. Чыпкаларды оңдогонбуз. Мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыгы бар, БУУнун өнүктүрүү программасынын корутундусу бар. Анда биздин ышка тийгизген таасирибиз 10% гана экени көрсөтүлгөн».
ЖЫЛУУЛУК МЕЗГИЛИНДЕ 400 МИҢ ТОННАГА ЧЕЙИН КӨМҮР КЕРЕКТЕЛГЕН 22 ОТКАЗАН ГАЗГА ӨТТҮ
2023-жылы Бишкек мэриясы ыш менен күрөшүүнүн алкагында шаарга тиешелүү делген 22 отказанды газга өткөргөн. Алар айрым мектептерде жайгашып, мектептерди, бала бакчаларды жана айрым үйлөрдү жылытат. «Бишкек жылуулук энерго» комуналдык ишканасынын маалымат катчысы Сыргак Бактыяр уулунун айтымында, ар бир отказанды орнотууга 5-6 миллон сомдун тегерегинде каражат корогон. Буга чейин жылына 300 миң тоннадан 400 миң тоннага чейин көмүр керектелген.
«Азыркы учурда «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасында 22 отказан газга өттү. Мурда бир жылуулук сезонунда бир эле отказанда 300-400 миң тонна көмүр керектелчү. Мурда бир отказанда сегиз адам иштеп жаткан болсо, азыр алар кыскартылып, 3-4 киши иштейт. Баары технологиянын жардамы менен электрондошкон. Меш Түркиядан алынган, компаниянын өзү менен түз келишим түзүлгөндүктөн ар бир отказан 800 миң сомдон айланды. Бул жакта орноткону, газга туташтырганы, кызматкерлердин эмгек акысы болуп отуруп, 5-6 миллион сомго чейин жетти».
ГАЗГА ӨТКӨН ОТКАЗАНДАР АРКЫЛУУ ЖЫЛЫТЫЛГАН ИМАРАТТАРГА ЖЫЛУУЛУК ТАРИФИ КӨТӨРҮЛДҮБҮ?
Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаментинин берген маалымат боюнча газга өткөн отказандардын жылуулук тарифтери төмөнкүдөй белгиленди:
2023-жылдын 1-июнунан тарта «Бишкек жылуулук энергия» коммуналдык ишканасынын отканаларынан иштелип чыккан жана берилген жылуулук энергиясына тарифтер бюджеттик, өнөр жай жана башка керектөөчүлөр үчүн (элден башка) 1 Гкал үчүн төмөндөгү өлчөмдө белгиленген (салыктар эсепке алынбастан):
- — жаратылыш газы менен иштеген отканалар үчүн – 6 202,59 сом;
- — көмүр менен иштеген отканалар үчүн – 6 444,29 сом;
- — электр энергиясы менен иштеген отканалар үчүн – 6 553,46 сом;
- — «Бишкексельмаштын» отканалары үчүн – 2 881,48 сом.
Буларды ишке ашырууда чыгымдар жогорулайт жана өздүк наркына таасир берет. Ал отказандарды көмүрдөн жаратылыш газына өткөрүүгө кеткен каражаттын көлөмүнөн көз каранды.
ЭКОЛОГ: ГАЗГА ӨТКӨНДӨН ЫШ ЖОГОЛУП КЕТПЕЙТ
Эколог Айгүл Ырсалиеванын айтымында, жылуулук борборун газга өткөрүү менен ыш масалеси чечилип калбайт. Ал Өкмөттүн ыш менен күрөшүү аракетине канааттанбасын айтып, бул маселени күз-кыш мезгилинде эле карабастан, алдын ала аракеттенүү керектигин кошумчалады.
«Газга өткөрсөк эле ыш жок болуп кетет» деген — жөн эле сөз. Шаарда канча миңдеген унаа бар, баары күйүүчү май менен жүрөт. Таштандыдан да ар кандай уулу заттар чыгат, Бишкек шаарынын айланасында конуштар бар. Министрдин, мэриянын билдирүүлөрүн, айткандарын көрүп жүрөм, жыйындарына катышып келем. Алардын аткарып жаткан иштери, айткан сөздөрү канааттандырбайт. Күз-кыш мезгили келгенде эле ыш маселесин ойлонбой, жаз-жай мезгилдеринде ойлонуп, алдын алсак жакшы болмок».
Ошондой эле Ырсалиева жылытуунун башка жолдорун карап, дүйөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуу керектигин, Күндөн, шамалдан энергия алуунун жолдорун издөө зарылдыгын кошумчалады.
Дагы бир эколог Азат Аламановдун пикиринде, жылытуу системасы жаратылыш газына өтсө, ыш маселесинен аз да болсо арылабыз. Ыш каптоонун дагы бир себеби: шаарда эски унаалардын көптүгү.
«Менин оюмча газга өтүү менен ыштан бир аз болсо да арылабыз. Бирок Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда газдын жоктугунан, электр энергиянын жетишсиздигинен колго тийген күйүүчү заттардын баарын жагып жатышат. Мына ушунун да ыштын пайда болуусуна чоң салымы бар. Аны менен катар Бишкек шаарындагы унаалардын көпчүлүгү эски, андан чыккан түтүн да ышты пайда кылат. Азыр жок эле дегенде ар бир үйдө бирден, айрымдарында экиден унаа бар».
БҮГҮНКҮ КҮНДӨ ЖЫЛУУЛУКТУН ТАРИФИ КАНДАЙ?
Жылытуу максатындагы жылуулук энергиясына тарифтер «Электр станциялар» ААКнын филалы «Бишкек жылуулук тармактарынын» абоненттери үчүн:
- Калк үчүн 1 гигаколлорияга (Гкал) — 1 248,0 2 сом,
- Өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн 1 гигаколлорияга (Гкал) — 2 052,0 3, сом,
- Бюджеттик керектөөчүлөр үчүн 1 гигаколлорияга (Гкал) 2 052,0 4 сом,
- Башка керектөөчүлөр үчүн 1 гигаколлорияга (Гкал) — 2 052,0 сом өлчөмү каралган.
Ал эми башка жылуулук энергиясы менен камсыз кылуучу ишканалардын («Кыргыз жылуулук энерго», «Ош жылуулук», «Токмок жылуулук» жана «Бишкек жылуулук энерго») тиричилик эмес абоненттери үчүн жылуулук энергиясы өздүк нарктын чегинде каралган.
Жылуулукка тариф 2023-жылдын 1-июнунан тарта 1134,76 сомдон 1248,0 сомго, тагыраагы, 10%га жогорулаган. Бүгүнкү күндө керектөөчүлөр ушул тариф менен төлөп келишет.