Connect with us

Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы өнөктүк башталды

Коом | 26 Ноя 2023 | 659 | 0

Өлкөдө кыз-келиндерге болгон зомбулукка чара көрүүнү максат кылган 16 күндүк өнөктүк башталды. Дүйнөлүк демилгенин алкагында уюштурулуп жаткан бул иш-чаралар «Биригели! Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга колдоо көрсөтөлү» деген ураандын алдында өтөт. Өнөктүк 25-ноябрдан 10-декабрга чейин уланып, бардык аймакта өткөрүлөт. Мындай өнөктүк өлкөдө зомбулуктун алдын алууга канчалык жардам берет? 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева бул өнөктүк өлкөдө жыл сайын уюштурулуп келерин белгиледи.

Алыбаева зомбулук дээрлик ар бир үчүнчү аялга таасир эткен глобалдык көйгөй экенин, аны чечүү максатында мамлекет бир топ иштерди жасап жатканын билдирди.

«Аялдарга, кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча ушундай демилге ишке ашып жатат. Акыркы учурда аялдарга, кыздарга жана балдарга карата зордук-зомбулук көбөйүүдө. Буга карабастан мамлекет тарабынан көп аракеттер көрүлүп жатат. Эң биринчи биз алдын алуу максатында профилактикалык иштерди жүргүзүшүбүз керек. Жеке эле мамлекеттик органдар эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке сектор, эл аралык уюмдар, ошондой эле түзүлгөн ар бир комитет баары биригип, алдын алуу иштерин жүргүзүшү керек».

Башталган кампаниянын негизги принциптери:

— Зордук-зомбулукка каршы күрөштө аялдардын топторуна жана лидерлигине тиешелүү маани берүү;

— Зордук-зомбулукка кабылгандарга багытталган, алардын кайраттуулугун жана кадыр-баркын урматтаган мамиле жасоо;

— Бүткүл мамлекетке жана коомго багытталган аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу стратегиясын колдонуу;

— Гендердик теңдик нормаларын жана тажрыйбаларынын трансформациялык жол менен өзгөрүүсүн алдыга ыйгаруу.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева акыркы убактарда зомбулукка кабылгандар көбөйүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, учурда бул маселе Жогорку Кеңеште да тынбай көтөрүлүп жатат, аны болтурбоо боюнча аракеттер көрүлүүдө. Эл өкүлү бир гана аялдар аялдарга эле эмес, бул кампаниянын алкагында эркектерге да кайрылуу жасоо керектигин билдирди.

«Жакында эле Өкмөттө жетекчиликте отурган адамдар да бул маселени көтөрүп жатышат. Кечээ парламенттин жыйынында да төрага коомдо зордук-зомбулук көбөйүп жатат деди. Ошондой эле төрага көйгөйдүн алдын алуу үчүн профилактикалык иштерди жүргүзүү керектигин айтты. Туура маселе көтөрдү. Зомбулуктун азайбай, көбөйүп кеткени абдан өкүндүрөт. Депутаттар тарабынан да бул көйгөй көтөрүлүп жатат. Бүгүнкү кампания зомбулукту азайтууга, ошондой эле ММК аркылуу аялдарды кантип коргоо керектиги боюнча маалымат таратууга багытталган. Ал эми дүйнө жүзүндөгү кампания мырзаларга кайрылуу болуп калат. Аялдар аялуу катмар, аларды колдоп бериңиздер. Ар бир кыздын аркасында атасы, байкеси, эркек туугандары бар».

«Энелер лигасы» коомдук фондунун төрайымы Барчын Аманова фонд бардык облустан топтолгон аялдар ортосунда волейбол оюнун жыл сайын уюштуруп келерин айтат. Бир жылдык план менен 37 команда ойной баштады.

Аманованын айтымында, фонддун максаты: спортту күчөтүү менен бирге аялдарды колдоп, аларды сергек жашоого үндөө.

«Бишкекте эле эмес, Кыргызстан боюнча жайылганбыз. Алар жакта да энелер лигасынын филиалдары бар. Бул эмне дегенди билдирет? Бул — биз канчалык көп болсок, ошончолук спортко кызыккан, сергек жашоого умтулган, күчтүү, лидер энелердин көптүгү. Ал эми спорт бар жерде ден соолук, ачык маанай, алдыга умтулуу бар. Акыркы убакта зордук-зомбулук аялдарда гана эмес, балдар, эркектер арасында да көбөйүүдө. Биз спортту күчөтүү менен бирге аялдарды колдоп, аялдардын арасында сергек жашоону жайылтуудабыз».

Өкмөт аялдардын укугун коргоо мамлекет тарабынан аткарыла турган артыкчылыктуу багыттардын бири экенин айтып келет. Ошентсе да аялдарды коргоодо укук коргоо жана көзөмөл, сот органдарынын ишине нааразылык көп айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM