Биз менен байланышыңыз

Газада убактылуу тынчтык келишими: качан жана кандай шартта аткарылат?

Блог , Дүйнө | 23 Ноя 2023 | 815 | 0

Бир жарым айдан бери согуш жүрүп жаткан Газа секторунда бүгүн, 23-ноябрда ок атышуу убактылуу токтоп, убактылуу тынчтык келишими иштеп баштайт. 4 күнгө созула турган бул убактылуу тынчтык келишимине жетишилгенин Израил да, ХАМАС тобу да өз каналдары аркылуу ырастады. Бул тынчтык келишиминин алкагында ХАМАС тобу туткунга алган 50 израилдикти кайтарат, ал эми Израил абактарда кармалып турган 150 палестиндикти эркиндикке чыгарат.

ХАМАС 50 израилдикти кайтарат

ХАМАС тобу кайтарып жаткан 50 израилдик туткундардын баары аялдар жана балдар. Алар 4 күн ичинде бир канча баскыч менен бошотулат. Алдын ала маалыматтар боюнча алардын 12 кишиден турган тобу бүгүн куткарылышы мүмкүн.

Ал арада АКШ бийлиги ХАМАС бошотуп жаткан туткундардын арасында АКШ жарандары бар экендигин да айтты. Туткундарды бошотуу жана аларды жакындарына жеткирүүнү Кызыл Чырым эл аралык гуманитардык уюму ишке ашырат.

Израил 150 палестиналыкты эркиндикке чыгарат

Кечээ, 22-ноябрда Израилдин бийлиги абактардагы 300дөй палестиндикти эркиндикке чыгара турганын айтып, тизмесин жарыялады. Анда анын 150ү ХАМАС тобундагы 50 туткунга айырбаштала тургандыгы айтылган.

Бирок Израил бийлиги ХАМАСтын колундагы туткундар өз мекенине толук өткөндө гана абактагы палестиндиктерди чыгарып баштайбыз деп билдирген. Эгер шарттар толук аткарылса, туткундардын ар бир тобу үчүн убактылуу тынчтык келишими бир күндөн узартылат деп айтылууда.

Израилдин абактарында жаткан 300дөй палестиндиктердин 287си эркектер. Алардын ичинен 123ү 18 жашка толо элек өспүрүмдөр. Аларга карата “адам өлтүрүүгө аракет кылуу”, “бомба ыргытуу”, “жарылуучу заттарды даярдоо” сыяктуу оор беренелер менен айыптар коюлган.

Келишим кечигүүдө

Буга чейин тынчтык келишими 23-ноябрь, саат 10:00дөн баштап ишке ашары айтылган. Бирок CNN өзүнүн жеке булактарына таянып, тынчтык келишими 24-ноябрдан тарта күчүнө кирет деп маалымдады.

Бул жараяндын кечигип жатканынын себеби азырынча белгисиз. Айрым ЖМКлар келишимдин айрым жерлери дагы такталып жатышы мүмкүндүгүн жазууда.

Тынчтык келишими күчүнө киргенде блокадада калган Газа секторуна гуманитардык жардам ташыган унааларга уруксат берилет. Израилдик “Едиот Ахронот” гезити Газага күн сайын күйүүчү май ташыган 8 унаа жана гумжардам жүктөгөн 200дөй жүк ташуучу унаалар кириши күтүлүп жатат.

Тынчтык келишими Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен түзүлдү. Бул келишимди Бириккен Улуттар Уюму жана Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму да алкыштады.

Ал эми Катар бийлиги бул келишим өз максатына жетсе, андан ары туткундагыларды айырбаштоо процесстеринин кийинки баскычтары үчүн сүйлөшүүлөр башталарын билдирди.

Белгилей кетсек, 7-октябрь таңында Газадагы ХАМАС тобунун аскерий канаты “Аль-Кассам” жоочулдары Израилге каршы “Аль-Акса бороону” операциясын баштаган. Анда куралдуу топ Израилдин чек арасына кирип барган. Ага жооп катары Израил тарап эскалацияда калган Газа секторуна абадан чабуул жасап, “Темир кылыч” операциясын баштап жиберген.

Конфликт чыккандан бери Газа секторунда 13 миңден ашык киши каза тапты. Израил тараптын жоготуулары 1400.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM