Биз менен байланышыңыз

Төрага кыз-келиндердин көчөдөгү коопсуздугун камсыздоо керектигин айтты

Коом , Кыска кабар | 22 Ноя 2023 | 427 | 0

Бүгүн, 22-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев акыркы күндөрдө жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ыргытылган үч окуя катталганы боюнча үн катты. Ал мындай окуялардын алдын алуу үчүн коомдук коопсуздукту күчөтүү зарыл экенин белгиледи.

«Аялдарга зордук-зомбулук күчөп, жаңы төрөлгөн үч ымыркайдын көчөгө ташталганы жана башка бир топ маселелер болуп жатат. Мен кечээ ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугуп, бул маселени такууладык. Бул терс көрүнүштөрдү жоюу максатында чоң, зарыл чаралар көрүлүшү керек. Коомдук жайларга видео көзөмөл орнотууну күчөтүү зарыл, себеби биздин кыз-келиндерге көчөдө түнкүсүн эмес, күндүз да жүрүү коркунучтуу болуп калды. Өкмөт менен милиция тиешелүү чараларды көрбөсө, ишти күчөтүлгөн тартипте алып барбаса — бул коомго чоң коркунуч», — деди Нурланбек Шакиев.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектин көчөлөрүнөн табылган ымыркайларга байланыштуу балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөргөн. Анда жашы жете электерди зомбулуктан сактоо, балдардын укутарын жана кызыкчылыктарын коргоо, турмуштук оор кырдаалга кептелген үй-бүлөлөргө мамлекеттен ар тараптуу жардам көрсөтүү, кароосуз калган балдарды башка үй-бүлөлөргө жайгаштыруу айтылды.

Ноябр айында соңку эки жума ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөгө таштаган үч окуя катталды.

Copyright © 2017 Maral FM