Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Оман беттеши: 10 миңден ашуун көрүүчү келди (фоторепортаж)

Блог , Кыска кабар , Спорт | 22 Ноя 2023 | 1262 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Оман менен болгон беттешинен сүрөттөр:

Кечээ, 21-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Омандын командасын 1:0 эсебинде утту.

Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтүп, 49-мүнөттө жарым коргоочу Одилжан Абдрахманов гол киргизди.

Кыргызстандын улуттук купама командасын колдоо үчүн 10 миңден ашуун көрүүчү келди.

 

6-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Малайзиянын оюнчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилген.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен өз талаасында жана алардын мекенинде беттешет.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM