Биз менен байланышыңыз

1,5 айдан бери уланып жаткан согуш. Газада гумантирдык катастрофа уланууда

Блог , Дүйнө | 21 Ноя 2023 | 578 | 0

Газа секторунда жүрүп жаткан согуштун башталганына 1,5 ай болду. Бул аралыкта Газанын 13 миңден ашуун жай тургуну көз жумду. Анын дээрлик 70-80%ы жаш балдар жана аялдар. Ал эми Израил тарап жоготууларынын саны 1500гө чукулдаганын билдирди. Азыркы тапта да Газада ок атуу токтой эле, Израил армиясы Газа секторунун батышын ээлеп, жер үстүндөгү аскердик операциясын улантууда. Согуштун качан токтой турганы белгисиз. Азыркы тапта АКШ жана Катардын ортомчулугу астында ХАМАС тобу менен Израилдин ортосунда убактылуу тынчтык келишимин түзүүгө аракеттер көрүлүүдө.

Израилдин куралдуу күчтөрү Газа секторундагы операцияларын дагы да кеңейтти. Бул тууралуу Франс-Пресс жазды. Газаны башкарып турган ХАМАС тобу Израил кезектеги оорукананы бутага алганын билдирди.

Жабалия качкындар лагеринин жанында жайгашкан Индонезия ооруканасына октор атылган. Анда кеминде 12 адам каза тапкан. ЦАХАЛ аталган оорукананын астында ХАМАС тобунун жер астындагы өтмөктөрү бар экенин айтууда. Бул Газадагы эң ири оорукана болчу.

Ал эми өткөн жумада дагы аскердик кагылышуулардын себеби болгон Аш-Шифа ооруканасы учурда Израил аскерлеринин көзөмөлүндө турат. Ал ооруканада 25 дарыгер, 291 оорулуу бар, анын 32си жаш балдар оор абалда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Аш-Шифа ооруканасы окко тутулгандан кийин эрте төрөлгөн 28 ымыркайдын Египетке эсен-аман жеткирилгенин билдирген.

Ал арада “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун Газадагы өкүлчүлүгүнүн унаалары да окко тутулуп, бир кызматкер каза болгон. Алардын кербени ооруканада жаткан 137 кишини жана алардын жакындарын Газанын түштүгүндөгү коопсуз жайга алып кетип жаткан болчу.

Азыркы тапта Газ секторунда блокадада калган калкка суу, тамак-аш, кийим-кече жетишпей жатат. Ошондой эле дарыгердин кароосуна муктаж жарадарлардын да саны өсүүдө.

Газаны башкарып турган ХАМАС тобу менен Израилди ок атпоого чакырган сүйлөшүүлөр Катарда өтүп жатат. ХАМАСтын лидерлеринин бири, уюмдун саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания, Израил менен тынчтык келишимин түзүүгө аз калганын билдирди. Бирок келишимдин чоо-жайы тактала элек.

Франс пресс агенттиги булактарына таянып кабарлагандай, келишим ок атышпоо жана Израилдин Газа тилкесинин түштүгүндөгү аба операцияларына чектөөлөрдөн турган беш күндүк тынчтыкты сактоону камтышы мүмкүн.

Анын ордуна ХАМАС тарабынан туткунга алынган 50дөн 100гө чейин адам бошотулат. Алар израилдиктер (жай тургундар) жана башка улуттагы туткундар болот. Келишимге ылайык, Израилдин абактарынан 300гө жакын палестиналык бошотулат.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байден барымтадагыларды бошотуу боюнча келишимге жакын арада жетишилиши мүмкүн экенин билдирген.

Сүйлөшүүлөргө Катар ортомчу катары катышууда. ХАМАСтын саясий канатынын кеңсеси бул өлкөдө жайгашкан, андан тышкары Исмаил Хания Дохада жашайт.

Белгилей кетсек, 7-октябрь таңында Газадагы ХАМАС тобунун аскерий канаты “Аль-Кассам” жоочулдары Израилге каршы “Аль-Акса бороону” операциясын баштаган. Анда куралдуу топ Израилдин чек арасына кирип барган. Ага жооп катары Израил тарап эскалацияда калган Газа секторуна абадан чабуул жасап, “Темир кылыч” операциясын баштап жиберген.

Конфликт чыккандан бери Газа секторунда 13 миңден ашык киши каза тапты. Израил тараптын жоготуулары 1400.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM