Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан — Оман оюнун кайдан көрүүгө болот?

Кыска кабар , Спорт | 21 Ноя 2023 | 1189 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы менен Омандын командаларынын беттеши түз эфирде көрсөтүлөт. Оюн бүгүн саат 19:00дө башталат.

Аны Kyrgyz Sport TVнын YouTube каналынан, MegaTV тиркемесинде, Megaline, Aknet жана Neotelecom кабелдик телекөрсөтүү тармактарында, «УТРК Спорт» каналында түз көрүүгө болот.

Азия футбол конфедерациясынын (АФК) зонасында 16-ноябрда дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 2-туру башталган. Бул этапка 36 команда катышууда. Алар тогуз топко бөлүнгөн. Кыргызстандын улуттук командасы D тайпасында Кытай, Малайзия жана Оман командалары менен ойнойт.

Тайпадагы командалар «үй» жана «конок» форматында эки беттеш өткөрөт. Улуттук курама команда буга чейин конокто Малайзияда ойносо, бүгүн өз талаасында Оман менен беттешет.

Кыргызстан ар бир атаандашы менен үйдө жана конокто беттеш өткөрөт. Бул оюндарга даярдануу үчүн башкы машыктыруучу Штефан Таркович 23 футболчуну курама командага чакырган.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM