Биз менен байланышыңыз

Эртең Кадамжайдын тургундары акысыз юридикалык жардам алышат

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Ноя 2023 | 316 | 0

21-ноябрдан 24-ноябрга чейин Кадамжай районунун Таш-Дөбө, Кызыл-Булак, Кара-Жыгач жана Майдан айылдарынын тургундары акысыз юридикалык жардам алышат. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын бөлүм башчысы Айчүрөк Камаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

«Тилектештик» автобусу 2016-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Анын негизги максаты: калктын укуктук сабатын жогорулатуу жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү. Айрыкча алыскы аймактардагы калктын көпчүлүгү мыйзам, укуктарды билбей, ар кандай кылмышка барууда. Бул долбоордун алкагында юридикалык жардамдын бардык түрүн акысыз алышат», — деди Камаева.

Анын айтымында, айылдарга акысыз юридикалык жардам башка мамлекеттик жумуштагыларга тоскоол жаратпашы үчүн 3-4 күн гана өткөрүлөт.

«Жарандар онлайн түрдө жана «114» кыска номерине чалуу аркылуу акысыз кеңеш алышса болот. 2016-жылдан бери «Тилектештик» автобусунун негизинде 19 миңге жакын жаран юридикалык жардам алышты. Ошол кайрылгандардын 90%ынын маселеси чечилди. Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн Юридикалык жардам кызматынын расмий сайтынан даректер жана жардам көрсөткөн координаторлордун байланыш номерлери көрсөтүлгөн», – деп кошумчалады ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM