Биз менен байланышыңыз

Мыктыбек Оралбай уулу UFC уюмундагы алгачкы беттешин жеңди

Кыска кабар , Спорт | 19 Ноя 2023 | 1211 | 0

Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оралбай уулу UFC уюмундагы алгачкы беттешинде атаандашын утуп алды.

Мушташ 19-ноябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн. 77 кг салмакта октагонго чыккан Мыктыбек Оралбай уулу атаандашы сербиялык Урош Медичти беттештин экинчи раундунда муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган.

Мыктыбек Оралбай уулу UFC уюму менен жалпы төрт беттешке келишим түзгөн.

Кыргызстандык мушкер эрежесиз мушташ боюнча жалпы 13 беттеш өткөрүп, анын 12синде жеңишке жеткен.

Айта кетсек, UFC уюмунун беттештерине Кыргызстандын атынан эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченколор чыгып жүрүшөт. Валентина Шевченко уюмдун беттештеринин алкагында жети жолу чемпиондук наамын коргоп калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM